Бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит менен Акылбек Жапаров ишкерлердин абалын талкуулашты

Бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит менен Акылбек Жапаров ишкерлердин абалын талкуулашты

Бүгүн, 15-июнда Кыргызстандын бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары –  экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун жолугушуусунда мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринен улам келип чыккан ишкерлердин көйгөйлөрү талкууланды.

Бизнес-акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар ишкердик жүргүзгөн мекемелердин укуктарын коргоо жана колдоо маселелерин, ошондой эле мамлекеттик органдардын иш-аракеттерине жана чечимдерине ишкерлерден түшкөн арыздарды талкуулашты.

Ишкердик чөйрөдөгү даттанууларга негизделген маселелер, мыйзам чыгаруу демилгелери тууралуу сөз болуп, ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн зарыл болгон реформалар талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларга 700 миң сомдон ашык айып пул салынды

Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларга 700 миң сомдон ашык айып пул салынды

Ысык-Көл облусундагы бир катар эс алуу жайларында пландан тышкаркы текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 54 административдик протокол түзүлдү. Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, протоколдордун негизинде 767 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды жана аныкталган мыйзам бузууларды ыкчам түрдө жоюу туурасында милдеттенмелер берилди.  Иш-чара Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана

Бишкектин Жал кичи районунда 9 кабаттуу унаа токтотуучу жайы курулууда

Бишкектин Жал кичи районунда 9 кабаттуу унаа токтотуучу жайы курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада курулуп жаткан жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан объектилерди кыдырып, жумуштун жүрүшү менен таанышты. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, калаа башчысы алгач И.Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Үмүт чырагы” адистештирилген бала бакчасынын курулушуна барды. Жалпы аянты 3467 чарчы метрди түзгөн заманбап эки кабаттуу

Ош облустук ооруканасынын сейсмикалык абалы текшерилди

Ош облустук ооруканасынын сейсмикалык абалы текшерилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк филиалы тарабынан Ош облустук клиникалык ооруканасынын D блогунун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, текшерүү Ош шаарынын Увам көчөсүндө жайгашкан имараттын учурдагы техникалык жана сейсмикалык абалын аныктоо максатында өткөрүлдү. Бул текшерүү аталган

Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү май сатууга макул болду

Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү май сатууга макул болду

Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май жеткирүүгө макулдук берди. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков 8-июлда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан буга чейин күйүүчү май импорттоо боюнча Казакстан жана Өзбекстанга кайрылган. Казак тарап азырынча жооп бере элек. Министр ошондой эле Иран жана Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилери менен да бул маселе боюнча