КРда өнөр жай өндүрүшү жыл башынан бери 9.7% га төмөндөдү

КРда өнөр жай өндүрүшү жыл башынан бери 9.7% га төмөндөдү

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9.7% га азайып, 126 млрд 576 млн сомду түздү. Мындай маалыматтарды Улутстатком берди.

Өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшүнө, фармацевтикалык продукциялардын (-41%), химиялык продуктулардын (-32%), машиналардан жана жабдуулардан башка негизги металлдардан жана даяр металлдан жасалган буюмдар (-29%) жана тоо-кен тармагынын (-4.3%) өндүрүшүнүн кыскаруусу себеп болгон.

Ошол эле учурда, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу өнөр жай өндүрүшүнүн 15.3% га (70 млрд 192 млн сомго чейин) өскөнү байкалган.

Өлкөдө өндүрүлгөн өнөр жай продукцияларынын жалпы көлөмүнүн 45%ы «Кумтөргө» туура келет, тагыраак айтканда, үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында анын өндүрүшү 56 млрд 385 млн сомду түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Соң-Көлдөн 37 чакырым мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды

Соң-Көлдөн 37 чакырым мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды

Үстүбүздөгү жылдын июнь айынан бери Соң-Көл көлүндө жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө жалпы узундугу 37 чакырымды түзгөн мыйзамсыз синтетикалык балык уулоочу торлор алынып, көлдүн акваториясы тазаланды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, рейддик иш-чараны "Соң-Көл балык чарбасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери өткөрүштү. Текшерүүнүн жүрүшүндө көлдүн акваториясында мыйзамсыз орнотулган синтетикалык

Ноокатта 24 млн сомго спорт комплекси курулууда

Ноокатта 24 млн сомго спорт комплекси курулууда

Ош облусунун Ноокат районунун Муркут айылында жаңы спорт комплекс курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 24 миллион сомду түздү. Учурда курулуш иштери 98%ге аткарылды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы спорт комплекстин жалпы аянты 421 чарчы метрди түзүп, Г формасындагы эки блоктон турат. Анда спортчулар

Кыргызстан быйыл 4 млрд кВт сааттан ашык электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан быйыл 4 млрд кВт сааттан ашык электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан 2026-жылы коңшу жана өнөктөш өлкөлөрдөн жалпы 4 млрд 99 млн кВт саат электр энергиясын импорттоо пландалганын Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. Анын айтымына караганда, импорт ички өндүрүш менен бирге өлкөнүн энергетикалык системасынын туруктуу иштешин камсыздап, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган. Министр ошондой эле электр энергиясын керектөө

Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларга 700 миң сомдон ашык айып пул салынды

Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларга 700 миң сомдон ашык айып пул салынды

Ысык-Көл облусундагы бир катар эс алуу жайларында пландан тышкаркы текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 54 административдик протокол түзүлдү. Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, протоколдордун негизинде 767 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды жана аныкталган мыйзам бузууларды ыкчам түрдө жоюу туурасында милдеттенмелер берилди.  Иш-чара Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана