Жакында Кыргызстанга коронавируска каршы 230 миң доза вакцина келет

Жакында Кыргызстанга коронавируска каршы 230 миң доза вакцина келет

Кыргызстанга жакында COVID-19 илдетине каршы 230 миң вакцина келет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов 14-июнда эпидемиологиялык кырдаалга арналган жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө 150 миң дозалык «Синофарм» вакцинасын, ошондой эле «Sputnik V» вакцинасынын 80 миң дозасын алат. Бирок өкмөт башчы анын кайсы убакта келеринин так даталарын айткан жок. 

Марипов вакциналарды алып келүүнү тездетүү жана эмдөөлөрдүн ылдамдыгын жогорулатуу керектигин баса белгиледи. «Тиешелүү мамлекеттик органдар өлкөгө вакциналардын өз убагында жеткирилишин камсыздоо маселесин ар дайым көзөмөлдөп турушу керек. Калкты эмдөөнүн деңгээлин жогорулатуу биз үчүн актуалдуу маселе», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кытай санариптик пенсия кызматтарын талкуулады

Кыргызстан менен Кытай санариптик пенсия кызматтарын талкуулады

Социалдык фонд Кытайдын Шанхай муниципалдык администрациясынын Социалдык камсыздандыруу борборунун өкүлдөрү менен пенсиялык системаны санариптештирүү боюнча жолугушуу өткөрдү. Соцфонддун маалыматына ылайык, жолугушууда пенсияларды дайындоо жана төлөө иштерине заманбап технологияларды киргизүү, жарандар үчүн электрондук кызматтарды өнүктүрүү жана пенсиялык тутумду санариптештирүү маселелери талкууланды. Тараптар ошондой эле санариптик чечимдерди колдонуу боюнча тажрыйба алмашып, пенсиялык

Соң-Көлдөн 37 чакырым мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды

Соң-Көлдөн 37 чакырым мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды

Үстүбүздөгү жылдын июнь айынан бери Соң-Көл көлүндө жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө жалпы узундугу 37 чакырымды түзгөн мыйзамсыз синтетикалык балык уулоочу торлор алынып, көлдүн акваториясы тазаланды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, рейддик иш-чараны "Соң-Көл балык чарбасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери өткөрүштү. Текшерүүнүн жүрүшүндө көлдүн акваториясында мыйзамсыз орнотулган синтетикалык

Ноокатта 24 млн сомго спорт комплекси курулууда

Ноокатта 24 млн сомго спорт комплекси курулууда

Ош облусунун Ноокат районунун Муркут айылында жаңы спорт комплекс курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 24 миллион сомду түздү. Учурда курулуш иштери 98%ге аткарылды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы спорт комплекстин жалпы аянты 421 чарчы метрди түзүп, Г формасындагы эки блоктон турат. Анда спортчулар

Кыргызстан быйыл 4 млрд кВт сааттан ашык электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан быйыл 4 млрд кВт сааттан ашык электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан 2026-жылы коңшу жана өнөктөш өлкөлөрдөн жалпы 4 млрд 99 млн кВт саат электр энергиясын импорттоо пландалганын Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. Анын айтымына караганда, импорт ички өндүрүш менен бирге өлкөнүн энергетикалык системасынын туруктуу иштешин камсыздап, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган. Министр ошондой эле электр энергиясын керектөө