«Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян тергөө абагына киргизилди – УКМК

«Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян тергөө абагына киргизилди – УКМК

«Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси жана Венгриянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Генрих Балян Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери тарабынан кармалып, алдамчылык иши боюнча тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

«Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен тымызын келишип, 2.3 млн доллар жасалма адамга ири насыя алыш үчүн, 670 миң доллар өлчөмүндө өтө жогору бааланган ликвиддүү эмес кыймылсыз мүлктү күрөөгө койгондугу аныкталган.

Учурда Балян тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди жана жакынкы аралыкта ага карата баш коргоо чарасын кароо маселеси каралат.

Белгилей кетсек, мурда ушул кылмыш ишинин алкагында, аталган кылмыш ишин жасоого түздөн-түз тиешеси бар делип, аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары А.К. кармалган.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларга 700 миң сомдон ашык айып пул салынды

Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларга 700 миң сомдон ашык айып пул салынды

Ысык-Көл облусундагы бир катар эс алуу жайларында пландан тышкаркы текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 54 административдик протокол түзүлдү. Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, протоколдордун негизинде 767 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды жана аныкталган мыйзам бузууларды ыкчам түрдө жоюу туурасында милдеттенмелер берилди.  Иш-чара Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана

Бишкектин Жал кичи районунда 9 кабаттуу унаа токтотуучу жайы курулууда

Бишкектин Жал кичи районунда 9 кабаттуу унаа токтотуучу жайы курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада курулуп жаткан жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан объектилерди кыдырып, жумуштун жүрүшү менен таанышты. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, калаа башчысы алгач И.Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Үмүт чырагы” адистештирилген бала бакчасынын курулушуна барды. Жалпы аянты 3467 чарчы метрди түзгөн заманбап эки кабаттуу

Ош облустук ооруканасынын сейсмикалык абалы текшерилди

Ош облустук ооруканасынын сейсмикалык абалы текшерилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк филиалы тарабынан Ош облустук клиникалык ооруканасынын D блогунун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, текшерүү Ош шаарынын Увам көчөсүндө жайгашкан имараттын учурдагы техникалык жана сейсмикалык абалын аныктоо максатында өткөрүлдү. Бул текшерүү аталган

Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү май сатууга макул болду

Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү май сатууга макул болду

Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май жеткирүүгө макулдук берди. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков 8-июлда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан буга чейин күйүүчү май импорттоо боюнча Казакстан жана Өзбекстанга кайрылган. Казак тарап азырынча жооп бере элек. Министр ошондой эле Иран жана Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилери менен да бул маселе боюнча