Өкмөт бир катар кирешесиз мамлекеттик ишканаларды сатууну көздөөдө

Өкмөт бир катар кирешесиз мамлекеттик ишканаларды сатууну көздөөдө

Өкмөт бир катар натыйжасыз иштеген мамлекеттик ишканаларды аукционго коюуну көздөөдө. Бул тууралуу Улукбек Марипов мамлекеттик мүлктү башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси боюнча кеңешмеде билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, учурдагы социалдык-экономикалык кырдаал үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тескөө чөйрөсүндөгү принциптерди жана артыкчылыктарды кайрадан карап чыгуу зарылдыгы келип чыгууда.

«Мамлекеттик ишканалардын негизги максаты – киреше алуу жана республикалык бюджетти толтуруу болуп эсептелет. Бирок иш жүзүндө көрүнүп тургандай, мамлекеттик ишканалардын көпчүлүгү чыгашалуу болуп саналат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу тармагындагы абалга кеңири талдоо жүргүзүү керек», – деди Улукбек Марипов

«Жогорудагы талдоо даяр болоор замат, кайсы ишкана өлкө экономикасы үчүн натыйжасыз экендиги белгилүү болот, алар аукционго коюлушу керек, ошол эле учурда мүлктү сатуу процесси ачык-айкын болушу кажет», – деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларга 700 миң сомдон ашык айып пул салынды

Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларга 700 миң сомдон ашык айып пул салынды

Ысык-Көл облусундагы бир катар эс алуу жайларында пландан тышкаркы текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 54 административдик протокол түзүлдү. Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, протоколдордун негизинде 767 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды жана аныкталган мыйзам бузууларды ыкчам түрдө жоюу туурасында милдеттенмелер берилди.  Иш-чара Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана

Бишкектин Жал кичи районунда 9 кабаттуу унаа токтотуучу жайы курулууда

Бишкектин Жал кичи районунда 9 кабаттуу унаа токтотуучу жайы курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада курулуп жаткан жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан объектилерди кыдырып, жумуштун жүрүшү менен таанышты. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, калаа башчысы алгач И.Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Үмүт чырагы” адистештирилген бала бакчасынын курулушуна барды. Жалпы аянты 3467 чарчы метрди түзгөн заманбап эки кабаттуу

Ош облустук ооруканасынын сейсмикалык абалы текшерилди

Ош облустук ооруканасынын сейсмикалык абалы текшерилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк филиалы тарабынан Ош облустук клиникалык ооруканасынын D блогунун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, текшерүү Ош шаарынын Увам көчөсүндө жайгашкан имараттын учурдагы техникалык жана сейсмикалык абалын аныктоо максатында өткөрүлдү. Бул текшерүү аталган

Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү май сатууга макул болду

Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү май сатууга макул болду

Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май жеткирүүгө макулдук берди. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков 8-июлда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан буга чейин күйүүчү май импорттоо боюнча Казакстан жана Өзбекстанга кайрылган. Казак тарап азырынча жооп бере элек. Министр ошондой эле Иран жана Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилери менен да бул маселе боюнча