Сабиздин кымбатташы Россия менен Казакстанга экспорттун көбөйүшү менен байланыштуу – Айыл чарба министрлиги

Сабиздин кымбатташы Россия менен Казакстанга экспорттун көбөйүшү менен байланыштуу – Айыл чарба министрлиги

Кыргызстанда сабиздин килограммынын 100 сомго  көтөрүлүшү – ЕАЭБ өлкөлөрүнө, тактап айтканда, Россия менен Казакстанга экспорттоонун ири көлөмү менен байланыштуу. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Айыл чарба министрлигинин башчысынын орун басары Ильич Марсбек уулу билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын беш айында кыргыз дыйкандары чет мамлекетке 13 миң тоннага жакын сабиз экспорттошкон, бул учурдагы мезгилге салыштырмалуу 2.5 эсеге көп, тагыраак айтканда, экспорттун көлөмү 31 миң тоннаны түзгөн. Марсбек уулу белгилегендей, экспорттун өсүшү жакшы, бирок башка жагынан, бул өлкө ичинде баалардын өсүшүнө алып келди.

Сабиздин баасы июлдун башында, сабиздин жаңы түшүмүн массалык жыйноо башталганда төмөндөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларга 700 миң сомдон ашык айып пул салынды

Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларга 700 миң сомдон ашык айып пул салынды

Ысык-Көл облусундагы бир катар эс алуу жайларында пландан тышкаркы текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 54 административдик протокол түзүлдү. Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, протоколдордун негизинде 767 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды жана аныкталган мыйзам бузууларды ыкчам түрдө жоюу туурасында милдеттенмелер берилди.  Иш-чара Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана

Бишкектин Жал кичи районунда 9 кабаттуу унаа токтотуучу жайы курулууда

Бишкектин Жал кичи районунда 9 кабаттуу унаа токтотуучу жайы курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада курулуп жаткан жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан объектилерди кыдырып, жумуштун жүрүшү менен таанышты. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, калаа башчысы алгач И.Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Үмүт чырагы” адистештирилген бала бакчасынын курулушуна барды. Жалпы аянты 3467 чарчы метрди түзгөн заманбап эки кабаттуу

Ош облустук ооруканасынын сейсмикалык абалы текшерилди

Ош облустук ооруканасынын сейсмикалык абалы текшерилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк филиалы тарабынан Ош облустук клиникалык ооруканасынын D блогунун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, текшерүү Ош шаарынын Увам көчөсүндө жайгашкан имараттын учурдагы техникалык жана сейсмикалык абалын аныктоо максатында өткөрүлдү. Бул текшерүү аталган

Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү май сатууга макул болду

Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү май сатууга макул болду

Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май жеткирүүгө макулдук берди. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков 8-июлда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан буга чейин күйүүчү май импорттоо боюнча Казакстан жана Өзбекстанга кайрылган. Казак тарап азырынча жооп бере элек. Министр ошондой эле Иран жана Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилери менен да бул маселе боюнча