«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Россиянын 7 шаарына учса болот – аба каттамдар, авиакомпаниялар

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Россиянын 7 шаарына учса болот – аба каттамдар, авиакомпаниялар

Бүгүнкү күндө «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Россиянын 7 шаарына чартердик (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн) каттамдар аткарылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Аба каттамдар төмөнкү багыттарга жүргүзүлүүдө:

  • Москва – Тамчы – Москва каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шаршемби).
  • Москва – Тамчы – Москва каттамы боюнча маршрутту «S7 Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шейшемби).
  • Санкт-Петербург  –  Тамчы – Санкт-Петербург каттамы боюнча маршрутту «Nordwind Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (дүйшөмбү).
  • Минеральные Воды – Тамчы – Минеральные Воды каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шейшемби).
  • Ростов-на-Дону – Тамчы – Ростов-на-Дону каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору » авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жума).
  • Ростов-на-Дону – Тамчы – Ростов-на-Дону каттамы боюнча маршрутту «Nordwind Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (дүйшөмбү).
  • Уфа – Тамчы – Уфа каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жума).
  • Екатеринбург – Тамчы – Екатеринбург каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (ишемби).
  • Новосибирск – Тамчы – Новосибирск каттамы боюнча маршрутту «S7 Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жекшемби).

Мындан тышкары окуңуз

Ошто бир нече жолу мыйзам бузган курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду

Ошто бир нече жолу мыйзам бузган курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду

Ош шаарында мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн "Алтын Строй Групп" компаниясынын лицензиясы токтотулду. Буга чейин компанияга эки жолу 200 миң сомдон айып пул салынып, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлгөн. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы 7-апрелде Курманжан-Датка көчөсү, 54 дарегиндеги көп

Кыргызстанда макулатураны экспорттоого 6 айга тыюу салынды

Кыргызстанда макулатураны экспорттоого 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) Кыргызстандан ташып чыгууга 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтомго ылайык, ЕАЭБ ТЭИ ТН 4707 коду менен классификациялануучу регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) өлкөдөн алып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Тыюу

Бир катар мамлекеттик кызматкерлер сыйланышты

Бир катар мамлекеттик кызматкерлер сыйланышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кесиптик майрамдарга байланыштуу Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын атынан алкыштарды тапшырды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу бир катар кызматкерлерге Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана өзүнүн атынан

“Манас” аба майданында каттамдар жандана баштады

“Манас” аба майданында каттамдар жандана баштады

7-июлда TezJet авиакомпаниясынын Бишкек – Ош багытындагы учагы шассидеги техникалык мүчүлүштүктөн улам учууну токтоткон окуядан кийин “Манас” эл аралык аба майданынын каттамдарынын графиги өзгөрдү. “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын маалыматына ылайык, окуядан кийин айрым каттамдар башка аба майдандарына багытталып, кээ бирлери жокко чыгарылып же кечигүү менен аткарылууда. Маалыматка караганда, бүгүн авиакомпаниялардын көбү