Бизнеске айып пул салуунун кажети жок – Бишкектин вице-мэри бизнести санитардык эрежелерди сактоого үндөдү

Бизнеске айып пул салуунун кажети жок – Бишкектин вице-мэри бизнести санитардык эрежелерди сактоого үндөдү

Бишкек шаарынын вице-мэри жана шаардык эпидемияга каршы комиссиянын башчысы Виктория Мозгачева ишкерлерди, айрыкча коомдук тамактануу жайларынын ээлерин коронавирус ооруларынын кескин көбөйүшүн токтотуу үчүн санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

Анын айтымында, учурда ишкерлерди текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар күчөп жатат, бирок инспекторлордун максаты ишкерлерге айып пул салуу эмес. Башкысы – бизнести санитардык талаптарга ылайык уюштурууга жардам берүү.

Вице-мэр бизнес тармагы иштөөгө мүмкүнчүлүк ачылганда ишкерлер эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча милдеттенмелерди алышкандыгын, бирок учурда ал талаптар аткарылбай жаткандыгын айтып өттү.

Мозгачеванын айтымында, бардык мекемелер, эң көп дегенде 50%га чейин гана толушу керек, бардык кызматкерлер медициналык бет кап кийүүсү кажет жана келгендердин ортосунда аралык сакталышы шарт. Ушундай эрежелер сакталганда гана оорулардын көбөйүшүн токтотууга болот.

Вице-мэр кечки саат 23:00дөн баштап жумушка тыюу салуу чечимин барларда, сейил бактарда, клубдарда жана башка коомдук жайларда эпидемияга каршы эрежелер сакталбагандыгы жана ал жайларда адамдардын көптүгү менен түшүндүрдү.

Мозгачева ошондой эле бизнес өкүлдөрүнүн бардыгы эле мыйзам бузбагандыгын жана алардын ичинде ак ниет ишкерлер деле бар экендигин айтып өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө курулуп жаткан жолдордун сапаты текшерилди

Ысык-Көлдө курулуп жаткан жолдордун сапаты текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери Ысык-Көл облусундагы Семетей жана Сары-Жаз унаа жолдорунун сапатын текшеришти. Министрликтин маалыматына ылайык, көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө адистер аталган жолдордун асфальт-бетон жабуусунан керн үлгүлөрүн алышты. Алынган үлгүлөр сыноо лабораториясына жөнөтүлүп, комплекстүү изилдөөлөрдөн өткөрүлөт. Текшерүүнүн алкагында

Ошто бир нече жолу мыйзам бузган курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду

Ошто бир нече жолу мыйзам бузган курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду

Ош шаарында мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн "Алтын Строй Групп" компаниясынын лицензиясы токтотулду. Буга чейин компанияга эки жолу 200 миң сомдон айып пул салынып, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлгөн. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы 7-апрелде Курманжан-Датка көчөсү, 54 дарегиндеги көп

Кыргызстанда макулатураны экспорттоого 6 айга тыюу салынды

Кыргызстанда макулатураны экспорттоого 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) Кыргызстандан ташып чыгууга 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтомго ылайык, ЕАЭБ ТЭИ ТН 4707 коду менен классификациялануучу регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) өлкөдөн алып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Тыюу

Бир катар мамлекеттик кызматкерлер сыйланышты

Бир катар мамлекеттик кызматкерлер сыйланышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кесиптик майрамдарга байланыштуу Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын атынан алкыштарды тапшырды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу бир катар кызматкерлерге Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана өзүнүн атынан