Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга 17 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана грант берет

Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга 17 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана грант берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирет.

Экономика жана финансы министрлигинин маалыматына караганда, Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы (ЭӨА) 8.5 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 8.5 млн доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Насыя каражаты 38 жыл мөөнөткө 0.75 үстөк пайызы менен берилет. Алынган каражаттын 14 млн доллары түздөн-түз жергиликтүү долбоорлорду каржылоого жумшалат.

Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, каражат негизинен элет жергесин өнүктүрүү чараларынын маанилүү маселелерин чечүү, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоо, ошондой эле COVID-19 илдетинин кесепеттерин жоюу чараларын көрүү, санитардык талаптарды сактоо багытында жумшалмакчы. АРИС долбоордун негизги аткаруучусу болуп саналат.

Белгилей кетсек, каралып жаткан долбоор Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын 222 айыл аймагынын инфратүзүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталат. Ушул сындуу дагы эки долбоор бар, аларда башка аймактар камтылмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто бир нече жолу мыйзам бузган курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду

Ошто бир нече жолу мыйзам бузган курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду

Ош шаарында мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн "Алтын Строй Групп" компаниясынын лицензиясы токтотулду. Буга чейин компанияга эки жолу 200 миң сомдон айып пул салынып, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлгөн. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы 7-апрелде Курманжан-Датка көчөсү, 54 дарегиндеги көп

Кыргызстанда макулатураны экспорттоого 6 айга тыюу салынды

Кыргызстанда макулатураны экспорттоого 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) Кыргызстандан ташып чыгууга 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтомго ылайык, ЕАЭБ ТЭИ ТН 4707 коду менен классификациялануучу регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) өлкөдөн алып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Тыюу

Бир катар мамлекеттик кызматкерлер сыйланышты

Бир катар мамлекеттик кызматкерлер сыйланышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кесиптик майрамдарга байланыштуу Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын атынан алкыштарды тапшырды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу бир катар кызматкерлерге Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана өзүнүн атынан

“Манас” аба майданында каттамдар жандана баштады

“Манас” аба майданында каттамдар жандана баштады

7-июлда TezJet авиакомпаниясынын Бишкек – Ош багытындагы учагы шассидеги техникалык мүчүлүштүктөн улам учууну токтоткон окуядан кийин “Манас” эл аралык аба майданынын каттамдарынын графиги өзгөрдү. “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын маалыматына ылайык, окуядан кийин айрым каттамдар башка аба майдандарына багытталып, кээ бирлери жокко чыгарылып же кечигүү менен аткарылууда. Маалыматка караганда, бүгүн авиакомпаниялардын көбү