Депутаттардын санын 90 адамга кыскартуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты

Депутаттардын санын 90 адамга кыскартуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты

Жогорку Кеңештин депутаттары улуттук парламенттин депутаттарынын санын 120 адамдан 90 адамга чейин кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. «КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилип, коомдук талкууга коюлду.

Негиздөө маалымдамада айтылгандай, Мыйзам долбоору менен ЖК 90 депутаттан турат жана депутаттык мандат чакыртылып алынган учурда ЖК тарабынан кароо тартиби, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, мыйзамдарды кабыл алуу, мыйзамдарга расмий чечмелөө берүү тартибин белгилеген жоболор сунуш кылган.

Ошондой эле, мыйзам долбоорунда регламенттин айрым ченемдерин «учурдун талабына ылайык келтирүү», парламенттин жол-жоболорун өркүндөтүү, колдонуудагы тажрыйбаны эске алуу менен жана ЖК тарабынан кабыл алынган мыйзамдар менен чечимдердин сапатын жогорулатуу каралган.

Жаңы түзөтүүлөр, негиздеме маалымдамасында белгиленгендей, 2021-жылдын 11-апрелинде референдум (жалпы элдик добуш берүү) менен кабыл алынган КРнын Конституциясына киргизилүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 20 миң бодо малды бордоп семиртүү долбоору ишке ашырылат

Чүйдө 20 миң бодо малды бордоп семиртүү долбоору ишке ашырылат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана Бишкек шаарында эттин баасын турукташтыруу максатында Чүй облусунда ири көлөмдөгү бодо мал бордоп семиртүүчү чарбаларды уюштуруу долбоорун ишке ашырууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор министрликтин өз каражаттарынын эсебинен каржыланат. Баштапкы

Нарындагы “Тянь-Шань” паркы оңдолууда

Нарындагы “Тянь-Шань” паркы оңдолууда

Нарын шаарындагы “Тянь Шань” паркынын тосмосу жаңыртылып, тосула баштады. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти. Паркты оңдоого республикалык дем берүүчү гранттан колдоо тапкан. Нарын шаардык мэриясынын долбооруна ылайык 145 метр жерге жаңы жасалгаланган тосмолор орнотулат. Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев паркты тосуу иштеринин аткарылышын көрүп, ички инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоор

ИИМ анча тааныш эмес адамдар менен байланышууда этият болууга чакырат

ИИМ анча тааныш эмес адамдар менен байланышууда этият болууга чакырат

КРнын ИИМи жарандарды ар кандай кызматтарды, анын ичинде чет өлкөдөн автоунаа алып берүү, каржылык операцияларга ортомчулук кылуу, жумушка орноштуруу жана акча каражаттарын өткөрүп берүү менен байланышкан башка кызматтарды сунуштаган анча тааныш эмес адамдар менен байланышууда этият болууга чакырат. Маалыматтарга ылайык, акыркы убакта шылуундар жарандардын ишенимине кирип, ар кандай шылтоолор менен

Бакыт Төрөбаев Ош шаарындагы өндүрүштүк аймактарды текшерди

Бакыт Төрөбаев Ош шаарындагы өндүрүштүк аймактарды текшерди

7-июлда президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Ош шаарына иш сапары менен келди. Иш сапардын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен бирге шаардын аймагында курулуп жаткан ири өнөр жай долбоорлорунун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алгач “Агро өнөр жай комплекси”