Камсыздандыруу төгүмдөрүн көбөйтүү –нааразычылыктарга алып келет. Бизнес коомчулугу билдирет

Камсыздандыруу төгүмдөрүн көбөйтүү –нааразычылыктарга алып келет. Бизнес коомчулугу билдирет

27-майда Жогорку Кеңештин сайтында Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатындагы бир катар ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө депутат Саматбек Ибраев демилгелеген мыйзам долбоору жарыяланган. Мыйзам долбоорунда жумуш берүүчүлөр үчүн 15,25%, ал эми кызматкерлер үчүн 13% өлчөмүндө төгүмдөрдү кошуу ставкасын белгилөө сунушталган. Жалпы көлөмү 28,25% түзгөн камсыздандыруу төгүмдөрү учурдагы көрсөткүчтөн (27,25%) 1% га жогору. Бизнес коомчулугу бул демилгеге каршы чыгып, Жогорку Кеңешке ачык кат жөнөтүштү.

Ишканалардын кызматкерлеринин эмгек акысынан көп өлчөмдө кармап калуу – социалдык туруксуздуктун өнүгүшүнө салым кошуп, коммерциялык жана бюджеттик түзүмдөрдөгү катардагы жумушчулардын нааразычылыгын жаратат дейт ишкерлер.

Эмне үчүн каршы?

Ишкерлердин пикиринде, пандемиядан улам бир жылдан ашуун убакыттан бери уланып келе жаткан катуу экономикалык кризистин айынан өлкөнүн ишкерлери жана эмгекчилери дуушар болуп жаткан учурдагы эң татаал экономикалык кырдаал, саясий туруксуздук такыр эле эске алынбай жатат.

«2021-жылдын 5-майында КРнын президенти өзүнүн кайрылуусунда социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү зарылдыгын айткан. Президенттин тапшырмасына ылайык, мыйзам долбоору ЖКнын кароосуна 2021-жылдын 1-октябрына чейин киргизилиши керек. Азыркы учурда, КРнын Өкмөтү менен бизнес коомчулугунун өкүлдөрү жана эксперттерден турган жумушчу топ, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча реформанын алкагында, социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо боюнча жаңы мыйзам долбоорлорунун концепциясын иштеп жатышат», – деп айтылат кайрылууда.

Бизнес-ассоциациялар өздөрүнүн пенсиялык реформасынын концепциясын сунушташкан, ал Министрлер Кабинетине жана ЖКга берилген, анда социалдык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү боюнча кыйла натыйжалуу инструменттер сунушталган.

Талкуусуз эле

Бизнес коомчулугу айрым депутаттар өз каалоосу менен мамлекеттик саясаттын негизги максаттарын эске албастан, мыйзамдарга туш келди өзгөртүүлөрдү киргизип жаткандыгын жана Ибраев демилгелеген бул мыйзам долбоору буга мисал экенин билдиришти.

Белгиленгендей, 2018-жылы ЖКнын азыркы чакырылышынын жыйынында тарифтик саясаттын маселелерин чечүүдө координацияланган мамилени иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн, ошондо деле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү керек деген жыйынтыкка келишкен болчу.

«Фискалдык жана социалдык саясатта тажрыйбасы жок депутаттар бул татаал жана сезимтал тармактын мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө аракет кылганда эмне болоорун буга чейинки терс мисалдардан билебиз», – деп айтышты ишкерлер.

Бир кезде, депутаттык корпустун бир катар активдүү өкүлдөрү коомчулуктун дагы, ишкер чөйрөнүн дагы массалык нааразычылыгын эске албай туруп, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана бюджеттик укуктарды бузуу менен эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо Фондун түзүшкөн.

«Бул иштин жыйынтыгын айтпасак да түшүнүктүү. Профсоюздар Федерациясы учурда ишкерлердин жана жумушчулардан келген миллиарддаган акча каражаттары үчүн ички чыр-чатактардын жана коррупциялык жаңжалдардын сазына батып, эки топко бөлүнүп, жыйынтыгында соттошуп кетишти. Натыйжада, уюмдун эсептери камакка алынды, жумушчулардын ден соолугун чыңдоо үчүн эч кандай иштер жүргүзүлбөдү», – деп айтылат билдирүүдө.

Демилгечи өзү демилгелеп жаткан мыйзам долбоорунун ишмердиги тууралуу түшүнүгү да жок, депутат бул долбоордун кабыл алынуусу эч кандай экономикалык жана социалдык кесепеттерди алып келбейт, мыйзам долбоору жөнгө салуучу таасирди талдоону талап кылбайт, анткени ал ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес деп көрсөтүп жатат.

«Эмгек акы төлөө фондусуна жүктү түздөн-түз көбөйткөн мыйзам ишкердикти жөнгө салууда кандайча мааниге ээ болбой, эч кандай кесепеттерге алып келбейт? Депутаттын пикири боюнча, ушул категорияга жалпысынан кандай мыйзам долбоорлорун киргизсе болот?», – деп нааразы болушууда бизнес коомчулугу.

Бизнес-ассоциациялардын тизмеги

Кыргызстандын ишкерлер коомчулугу депутат Ибраевге кайрылып, анын мыйзам долбоорун кайрадан алуу талабын жана ЖКнын бардык депутаттарына, Кыргызстандагы учурдагы катастрофалык экономикалык кырдаалды эске алуу менен, ишкерлердин абалын дагы да начарлата турган эч кандай чечимдерди кабыл албоого чакырышты.

1. Чакан ГЭСтердин ассоциациясы

2. Кыргызстандагы жеткирүүчүлөр ассоциациясы (өндүрүүчүлөр жана дистрибьютерлер)

3. КККЭ ассоциациясы

4. Банкеттик ресторандар жана иш-чараларды уюштуруучулар ассоциациясы

5. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы

6. Токмок шаарындагы чакан жана орто ишканалар

7. Эл аралык ишкерлер кеңеши

8. Кыргызстандын банктар бирлиги

9. КРгы Америкалык Соода Палатасы

10. КРнын Зергерлер жана Ишкерлер Бирлиги

11. ЕАЭБ Зергерлер Ассоциациясы

12. Бизнес Ассоциациялардын Улуттук Альянсы

13. Алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясы

14. Жайыл районунун жана Кара-Балта шаарынын ишкерлер бирлиги

15. «Легпром» жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы

16. КРнын Камсыздандыруучулар Ассоциациясы

17. «Евразиялык ишкерлер клубу» ишкерлер ассоциациясы

18. Кыргызстандын ишкерлер тобу

19. Кыргызстандын жер-жемиш ишканаларынын ассоциациясы

20. КРнын Салык консультанттарынын палатасы

21. ЖИА Бизнес Ассоциациясы

22. Телеком операторлорунун ассоциациясы

23. Кыргызстандын Бажы Брокерлеринин Ассоциациясы

24. Билим берүү мекемелеринин бирлигинин ассоциациясы

25. Сүттү кайра иштетүү ассоциациясы

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 20 миң бодо малды бордоп семиртүү долбоору ишке ашырылат

Чүйдө 20 миң бодо малды бордоп семиртүү долбоору ишке ашырылат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана Бишкек шаарында эттин баасын турукташтыруу максатында Чүй облусунда ири көлөмдөгү бодо мал бордоп семиртүүчү чарбаларды уюштуруу долбоорун ишке ашырууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор министрликтин өз каражаттарынын эсебинен каржыланат. Баштапкы

Нарындагы “Тянь-Шань” паркы оңдолууда

Нарындагы “Тянь-Шань” паркы оңдолууда

Нарын шаарындагы “Тянь Шань” паркынын тосмосу жаңыртылып, тосула баштады. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти. Паркты оңдоого республикалык дем берүүчү гранттан колдоо тапкан. Нарын шаардык мэриясынын долбооруна ылайык 145 метр жерге жаңы жасалгаланган тосмолор орнотулат. Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев паркты тосуу иштеринин аткарылышын көрүп, ички инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоор

ИИМ анча тааныш эмес адамдар менен байланышууда этият болууга чакырат

ИИМ анча тааныш эмес адамдар менен байланышууда этият болууга чакырат

КРнын ИИМи жарандарды ар кандай кызматтарды, анын ичинде чет өлкөдөн автоунаа алып берүү, каржылык операцияларга ортомчулук кылуу, жумушка орноштуруу жана акча каражаттарын өткөрүп берүү менен байланышкан башка кызматтарды сунуштаган анча тааныш эмес адамдар менен байланышууда этият болууга чакырат. Маалыматтарга ылайык, акыркы убакта шылуундар жарандардын ишенимине кирип, ар кандай шылтоолор менен

Бакыт Төрөбаев Ош шаарындагы өндүрүштүк аймактарды текшерди

Бакыт Төрөбаев Ош шаарындагы өндүрүштүк аймактарды текшерди

7-июлда президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Ош шаарына иш сапары менен келди. Иш сапардын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен бирге шаардын аймагында курулуп жаткан ири өнөр жай долбоорлорунун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алгач “Агро өнөр жай комплекси”