1-июлдан баштап Ош шаарында той, маараке жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат

1-июлдан баштап Ош шаарында той, маараке жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат

Ош шаардык мэриясында коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл стандарттарын кармоо үчүн ресторандардын, тойканалардын, коомдук тамактануучу жайлардын жетекчилеринин жана администраторлорунун жоопкерчилигин жана санитардык эрежелердин  сакталышын текшерүү боюнча иштерди күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Белгиленгендей, 1-июлдан баштап түштүк борбордо той, маараке жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат, буга байланыштуу ресторандардын, тойканалардын администраторлоруна 1-июлдан баштап коомдук иш-чараларга буйрутма албоо сунушталды.

Шаардын вице-мэри Эмил Шадыхановдун айтымында, санитардык нормаларды жана эрежелерди бузгандар мыйзам чегинде жооп беришет.

«Азыр биздин алдыбызда санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү милдети турат. Бул жарандар массалык чогулган жайларга тиешелүү. Жарандарды санитардык ченемдерди жана эрежелерди так сактоого, медициналык маска кийүүгө, колду дезинфекциялоого, социалдык аралыкты сактоого үндөө зарыл. Мындан тышкары, ар кандай массалык иш-чараларды өткөрүүдөн жана көп адамдар чогулган тамактануучу жайларга баруудан алыс болууну сунуштайбыз. Ош шаарында кырдаал татаалдашууда – күн сайын 100гө жакын жаңы инфекция учурлары аныкталып жатат. Санитардык ченемдерди аң-сезимдүү сактоо гана инфекциянын жайылышын токтотот», – деп түшүндүрдү вице-мэр.

Мындан тышкары окуңуз

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жер титирөө катталды

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жер титирөө катталды

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, кечээ кечинде Кыргызстанда эки жер титирөө болду. Маалыматтарга ылайык, биринчи жер титирөө 8-июлда саат 1:54тө катталып, анын күчү 4 баллды түзгөн. Жер титирөөнүн эпицентри Тоскоол айылынан түштүк-батышка 7 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түштүк-чыгышка 22 чакырым жана Манас шаарынан түндүк-

Ошто 70 көп кабаттуу үйдүн фасады жаңыланат

Ошто 70 көп кабаттуу үйдүн фасады жаңыланат

Ош шаарында быйыл 70 көп кабаттуу турак жайдын сырткы фасадын оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иштер мэриянын "кош каржылоо" долбоорунун алкагында аткарылууда. Ага ылайык, оңдоо иштеринин 50%ын мэрия, калган 50%ын көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары каржылайт. Учурда 30 көп кабаттуу үйдүн фасады

Айыл чарба боюнча суроолоруңуз барбы? 1210 номерине чалыңыз

Айыл чарба боюнча суроолоруңуз барбы? 1210 номерине чалыңыз

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандар үчүн иштеген 1210 бирдиктүү байланыш номери аркылуу мамлекеттик колдоо программалары жана айыл чарба тармагына байланыштуу маселелер боюнча акысыз кеңеш алууга болорун эскертти. Министрликтин маалыматына ылайык, 1210 колл-борбору аркылуу жарандар жеңилдетилген насыялар, субсидиялар, айыл чарба техникаларын лизингге алуу жана

Мэр Бишкектеги ири курулуш объектилерин кыдырды

Мэр Бишкектеги ири курулуш объектилерин кыдырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаада курулуп жаткан жана реконструкцияланып жаткан бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилерди кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мэр алгач Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан "Үмүт чырагы" адистештирилген бала бакчасына барды. Жалпы аянты 3467 чарчы метр