Баткенге келбеген ИИМдин башчысы Ысык-Көлгө барып, милициянын туристтик сезонго даярдыгын текшерди

Баткенге келбеген ИИМдин башчысы Ысык-Көлгө барып, милициянын туристтик сезонго даярдыгын текшерди

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда Баткен облусуна келбеген Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбеков Ысык-Көлгө барып, Чолпон-Ата шаарындагы милициянын туристтик сезонго даярдыгын текшерди.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 16-июнь күнү Ниязбеков Чолпон-Ата шаарынын эски аэропортунда өткөн Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарынын өздүк курамынын гарнизондук иш-чарасына катышкан. Иш-чарага өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев дагы катышты.

Гарнизондук иш-чарада Ниязбеков бардык ички иштер органдарын туристтик сезондо эки негизги багытта иштөөнү тапшырды:

  • Биринчиден, коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эс алуу жайларында коомдук тартипти сактоону өз деңгээлинде уюштуруу, кылмыштуулуктун алдын алууга өзгөчө көңүл буруп, жергиликтүү жана чет элдик жарандарды кылмыш чөйрөсүнө аралашусунун алдын алуу.
  • Экинчиден, коомдук тартипти сактоо менен катар, жарандар үчүн коопсуз шарт түзүү максатында жол кырсыктарын алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү бийлик, тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара тыгыз аракеттенүү боюнча күчөтүлгөн чараларды уюштуруу.

Мындан тышкары окуңуз

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жер титирөө катталды

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жер титирөө катталды

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, кечээ кечинде Кыргызстанда эки жер титирөө болду. Маалыматтарга ылайык, биринчи жер титирөө 8-июлда саат 1:54тө катталып, анын күчү 4 баллды түзгөн. Жер титирөөнүн эпицентри Тоскоол айылынан түштүк-батышка 7 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түштүк-чыгышка 22 чакырым жана Манас шаарынан түндүк-

Ошто 70 көп кабаттуу үйдүн фасады жаңыланат

Ошто 70 көп кабаттуу үйдүн фасады жаңыланат

Ош шаарында быйыл 70 көп кабаттуу турак жайдын сырткы фасадын оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иштер мэриянын "кош каржылоо" долбоорунун алкагында аткарылууда. Ага ылайык, оңдоо иштеринин 50%ын мэрия, калган 50%ын көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары каржылайт. Учурда 30 көп кабаттуу үйдүн фасады

Айыл чарба боюнча суроолоруңуз барбы? 1210 номерине чалыңыз

Айыл чарба боюнча суроолоруңуз барбы? 1210 номерине чалыңыз

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандар үчүн иштеген 1210 бирдиктүү байланыш номери аркылуу мамлекеттик колдоо программалары жана айыл чарба тармагына байланыштуу маселелер боюнча акысыз кеңеш алууга болорун эскертти. Министрликтин маалыматына ылайык, 1210 колл-борбору аркылуу жарандар жеңилдетилген насыялар, субсидиялар, айыл чарба техникаларын лизингге алуу жана

Мэр Бишкектеги ири курулуш объектилерин кыдырды

Мэр Бишкектеги ири курулуш объектилерин кыдырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаада курулуп жаткан жана реконструкцияланып жаткан бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилерди кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мэр алгач Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан "Үмүт чырагы" адистештирилген бала бакчасына барды. Жалпы аянты 3467 чарчы метр