Чүй облусунун башчысы депутаттарды өз чөнтөгүнөн каражат бөлүп, сугат маселесин чечүүгө чакырды

Чүй облусунун башчысы депутаттарды өз чөнтөгүнөн каражат бөлүп, сугат маселесин чечүүгө чакырды

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдин айтымында, акыркы 30 жылда сугат системасы талкаланган. Анын берген маалыматына ылайык, бир суу кудугун калыбына келтирүү үчүн 115 миң сомдон 150 миң сомго чейин каражат талап кылынат. Ал өз каражатынан бир канча суу арыгын калыбына келтирген жана депутаттарды да бул ишке салым кошууга чакырды.

«Бул кырдаалдын алдын алуу үчүн бул ишти бир топ жыл мурда баштоо керек болчу. Буга чейин бардык кудуктар менен таза сууларды колхоздор башкарып келген. Азыр алар ээсиз калышты. Ошондуктан бардыгы талкаланып, кургап жатат», – деди Эркин Тентишев 17-июнда парламентте сүйлөгөн сөзүндө.

Ошондой эле, облус башчысы бир суу кудугун калыбына келтирүү үчүн 115 миң сомдон 150 миң сомго чейин каражат талап кылынарын айтты.

«Менин оюмча, азыр бюджеттен акча алуу өтө кыйын. Ошондуктан мен өз каражатыма бир нече кудуктарды калыбына келтирдим. Улукбек Марипов үч скважинаны калыбына келтирүү үчүн өз чөнтөгүнөн каражат берем деп убада кылды. Сиздери да четте турбай, жумушка аралашып жардам берүүгө чакырам», – деди Эркин Тентишев депутаттарга кайрылып.

Ошондой эле, облус башчысы облустук администрацияда ыкчам штаб иштеп жаткандыгын жана ал жерге күн сайын адамдар кайрылып турарын белгиледи.

«354 кудук бар. Ал жерге 115 миң сомго насосторду койсок, суу келе баштайт», – деди сөзүн жыйынтыктап жатып.

Эскерте кетсек, Чүй облусунун дыйкандары Ысык-Ата райондук администрациясынын имаратынын алдына митингге чыгып, сугат маселесин чечип берүү талабын көтөрүшкөн. Алардын айтымында, эгин талааларын сугаруу үчүн суу келе элек. Убагында суу берилбесе, эгин куурап калышы ыктымал.

Белгилей кетсек, кургакчылыкка байланыштуу Чүй облусунун дарыяларында суу нормадагыдан 2.5 эсе аз болууда.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 20 миң бодо малды бордоп семиртүү долбоору ишке ашырылат

Чүйдө 20 миң бодо малды бордоп семиртүү долбоору ишке ашырылат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана Бишкек шаарында эттин баасын турукташтыруу максатында Чүй облусунда ири көлөмдөгү бодо мал бордоп семиртүүчү чарбаларды уюштуруу долбоорун ишке ашырууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор министрликтин өз каражаттарынын эсебинен каржыланат. Баштапкы

Нарындагы “Тянь-Шань” паркы оңдолууда

Нарындагы “Тянь-Шань” паркы оңдолууда

Нарын шаарындагы “Тянь Шань” паркынын тосмосу жаңыртылып, тосула баштады. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти. Паркты оңдоого республикалык дем берүүчү гранттан колдоо тапкан. Нарын шаардык мэриясынын долбооруна ылайык 145 метр жерге жаңы жасалгаланган тосмолор орнотулат. Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев паркты тосуу иштеринин аткарылышын көрүп, ички инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоор

ИИМ анча тааныш эмес адамдар менен байланышууда этият болууга чакырат

ИИМ анча тааныш эмес адамдар менен байланышууда этият болууга чакырат

КРнын ИИМи жарандарды ар кандай кызматтарды, анын ичинде чет өлкөдөн автоунаа алып берүү, каржылык операцияларга ортомчулук кылуу, жумушка орноштуруу жана акча каражаттарын өткөрүп берүү менен байланышкан башка кызматтарды сунуштаган анча тааныш эмес адамдар менен байланышууда этият болууга чакырат. Маалыматтарга ылайык, акыркы убакта шылуундар жарандардын ишенимине кирип, ар кандай шылтоолор менен

Бакыт Төрөбаев Ош шаарындагы өндүрүштүк аймактарды текшерди

Бакыт Төрөбаев Ош шаарындагы өндүрүштүк аймактарды текшерди

7-июлда президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Ош шаарына иш сапары менен келди. Иш сапардын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен бирге шаардын аймагында курулуп жаткан ири өнөр жай долбоорлорунун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алгач “Агро өнөр жай комплекси”