Германиялык дипломаттар КРда министрлер кабинетинин алдында инвестициялык кеңеш түзүүнү сунушташты

Германиялык дипломаттар КРда министрлер кабинетинин алдында инвестициялык кеңеш түзүүнү сунушташты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов КРнын Германиядагы ардактуу консулдары Карл Элердинг, Райнхольд Краммель, Хольштайн Крошк, ошондой эле «KNAUF» компаниясынын КМШ өлкөлөрү боюнча директору Александр Блумхард менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы КРнын ардактуу консулдары катары алардын эки өлкө ортосундагы достук мамилени өнүктүрүүгө болгон салымын белгиледи. 

«КР ГФРны Европадагы негизги жана маанилүү өнөктөштөрдүн бири катары карайт жана биздин өлкөлөр ортосундагы көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр. Сиздердин ийгиликтүү ишмердигиңиздер Германиядан жаңы инвестицияларды жана технологияларды тартууда үлгү жарата алат. Министрлер Кабинети өлкөгө германиялык компанияларды жана технологияларды тартуу боюнча ишти активдештирүүгө даяр», – деди Улукбек Марипов. 

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун жана өнөктөштүктүн келечектеги маселелери талкууланды. 

Герман тарап Министрлер Кабинетине караштуу инвестициялык кеңешти түзүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, кесиптик-техникалык билим берүү жана туризм тармагында кадрларды даярдоо, органикалык продуктуларды өндүрүү, экологиялык резервуарларды орнотуу, унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча маалыматтык тутумду ишке киргизүү жана курулуш материалдарын өндүрүү жаатында кызматташуу  боюнча сунуштарды киргизди. 

Мындан тышкары окуңуз

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жер титирөө катталды

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жер титирөө катталды

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, кечээ кечинде Кыргызстанда эки жер титирөө болду. Маалыматтарга ылайык, биринчи жер титирөө 8-июлда саат 1:54тө катталып, анын күчү 4 баллды түзгөн. Жер титирөөнүн эпицентри Тоскоол айылынан түштүк-батышка 7 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түштүк-чыгышка 22 чакырым жана Манас шаарынан түндүк-

Ошто 70 көп кабаттуу үйдүн фасады жаңыланат

Ошто 70 көп кабаттуу үйдүн фасады жаңыланат

Ош шаарында быйыл 70 көп кабаттуу турак жайдын сырткы фасадын оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иштер мэриянын "кош каржылоо" долбоорунун алкагында аткарылууда. Ага ылайык, оңдоо иштеринин 50%ын мэрия, калган 50%ын көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары каржылайт. Учурда 30 көп кабаттуу үйдүн фасады

Айыл чарба боюнча суроолоруңуз барбы? 1210 номерине чалыңыз

Айыл чарба боюнча суроолоруңуз барбы? 1210 номерине чалыңыз

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандар үчүн иштеген 1210 бирдиктүү байланыш номери аркылуу мамлекеттик колдоо программалары жана айыл чарба тармагына байланыштуу маселелер боюнча акысыз кеңеш алууга болорун эскертти. Министрликтин маалыматына ылайык, 1210 колл-борбору аркылуу жарандар жеңилдетилген насыялар, субсидиялар, айыл чарба техникаларын лизингге алуу жана

Мэр Бишкектеги ири курулуш объектилерин кыдырды

Мэр Бишкектеги ири курулуш объектилерин кыдырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаада курулуп жаткан жана реконструкцияланып жаткан бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилерди кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мэр алгач Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан "Үмүт чырагы" адистештирилген бала бакчасына барды. Жалпы аянты 3467 чарчы метр