Кантта дыйкандардын митингине жергиликтүү бийлик көңүл бурган жок

Кантта дыйкандардын митингине жергиликтүү бийлик көңүл бурган жок

Кечээ, 17-июнда Кант шаарындагы Ысык-Ата райондук администрациясынын имаратынын жанындагы нааразычылык акциясына чогулган дыйкандардын митингин Канттын жергиликтүү бийлиги назарга алган жок.

Дыйкандар жергиликтүү бийлик менен жолугуша алышкан жок. Бул тууралуу 24.kg агенттиги митингчилердин бирине шилтеме берүү менен билдирди.

«Бизден алгач администрациянын ичине киришибиз үчүн медициналык маскаларды сатып алууну суранышты. Маска сатып алып келгенче, район башчысы иш жеринде жок болуп чыкты, жаназага кетти деп айтышты. Биз менен жолугушууга биздин айылдык кеңештин башчысы гана келди. Биздин маселе дүйшөмбүдө чечилет деп убада кылышты», – деди Мухтарбек Мантаев 24.kg маалымат агенттигине.

Басылма Кантта Ак-Кудук айылдык кеңешинин 50гө жакын дыйкандары бүгүн Ысык-Ата обладминистрациясынын имаратынын алдындагы нааразычылык акциясына катышкандыгын маалымдайт. Алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Мамлекеттик суу чарба агенттигинин жетекчилиги менен жолугушууну көздөшкөн.

Алардын айтымында, эгин талааларын сугаруу үчүн суу келе элек. Убагында суу берилбесе, эгин куурап калышы ыктымал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэриясы шаардыктарды тазалыкка чакырган кайрылуу кылды

Бишкек мэриясы шаардыктарды тазалыкка чакырган кайрылуу кылды

Бишкек шаарынын мэриясы борбордун тургундарына жана конокторуна кайрылды. Бул тууралуу аталган мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мэриянын кайрылуусунда шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырган.  Арыктардын бүтөлүп, көчөлөр менен короолордун суу каптоосунун негизги себептеринин бири - арыктарга ташталган таштандылар. Мындай жоопкерчиликсиз мамиле көчөлөрдүн жана короолордун суу алдында калышына алып  келүүдө. Шаар тургундарын жана

Бишкектеги жаңы Ош базарынын курулушу качан бүтөрү белгилүү болду

Бишкектеги жаңы Ош базарынын курулушу качан бүтөрү белгилүү болду

Бүгүн Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы жаңы Ош базарынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы соода-базар комплекси борбор калаадагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат. Объекттин жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзүп, эки кабаттан жана бир жер алдындагы деңгээлден турат. Долбоор

Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы автовокзалдын курулушу менен таанышты

Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы автовокзалдын курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы заманбап автовокзал комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президентт Мамлекет башчысына 9 блоктон турган комплекстин долбоору сунушталды. Анда айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана, кеңири күтүү залы, перрон, административдик имарат, коммерциялык жайлар, ошондой эле шаар аралык жана эл аралык автобустар үчүн

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилигинде Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтарынын отуруму өттү. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында 30-апрелден 5-майга чейин катуу жааган жаандын кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында катталган сел кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер каралды. Ошондой эле күтүлүп жаткан сел коркунучтарынын алдын алуу,