Кыргыз – Өзбек Өнүктүрүү Фонду түзүлөт

Кыргыз – Өзбек Өнүктүрүү Фонду түзүлөт

Кечээ, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы Кыргыз-Өзбек Өнүктүрүү Фондун (КӨӨФ) түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырышты.

Бул келишимге 2021-жылы 11-мартта Ташкент шаарында кол коюлган. Келишимдин негизинде КӨӨФ эл аралык укук жөндөмүнө ээ болот жана эл аралык келишимдерди түзүүгө укуктуу эл аралык уюм болот.

Өзбек тараптын фонддун уставдык капиталына салымы 50 млн долларды түзөт жана аны келечекте 200 млн долларга чейин көбөйтүү каралат.

КӨӨФ Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актай ала турган төмөндөгү долбоорлорду каржылайт:

  • агроөнөр жай комплекси
  • тигүү жана текстиль өнөр жайы
  • өндүрүш тармагы
  • тоо-кен жана металлургия өнөр жайы
  • транспорт
  • турак жай курулушу
  • соода
  • энергетикалык комплекс
  • инфраструктураны өнүктүрүү
  • туризм

Мындан тышкары окуңуз

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жер титирөө катталды

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жер титирөө катталды

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, кечээ кечинде Кыргызстанда эки жер титирөө болду. Маалыматтарга ылайык, биринчи жер титирөө 8-июлда саат 1:54тө катталып, анын күчү 4 баллды түзгөн. Жер титирөөнүн эпицентри Тоскоол айылынан түштүк-батышка 7 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түштүк-чыгышка 22 чакырым жана Манас шаарынан түндүк-

Ошто 70 көп кабаттуу үйдүн фасады жаңыланат

Ошто 70 көп кабаттуу үйдүн фасады жаңыланат

Ош шаарында быйыл 70 көп кабаттуу турак жайдын сырткы фасадын оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иштер мэриянын "кош каржылоо" долбоорунун алкагында аткарылууда. Ага ылайык, оңдоо иштеринин 50%ын мэрия, калган 50%ын көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары каржылайт. Учурда 30 көп кабаттуу үйдүн фасады

Айыл чарба боюнча суроолоруңуз барбы? 1210 номерине чалыңыз

Айыл чарба боюнча суроолоруңуз барбы? 1210 номерине чалыңыз

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандар үчүн иштеген 1210 бирдиктүү байланыш номери аркылуу мамлекеттик колдоо программалары жана айыл чарба тармагына байланыштуу маселелер боюнча акысыз кеңеш алууга болорун эскертти. Министрликтин маалыматына ылайык, 1210 колл-борбору аркылуу жарандар жеңилдетилген насыялар, субсидиялар, айыл чарба техникаларын лизингге алуу жана

Мэр Бишкектеги ири курулуш объектилерин кыдырды

Мэр Бишкектеги ири курулуш объектилерин кыдырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаада курулуп жаткан жана реконструкцияланып жаткан бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилерди кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мэр алгач Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан "Үмүт чырагы" адистештирилген бала бакчасына барды. Жалпы аянты 3467 чарчы метр