«Торугарт» көзөмөл-өткөрмө тозотунун модернизациясы 2022-жылы бүтөт

«Торугарт» көзөмөл-өткөрмө тозотунун модернизациясы 2022-жылы бүтөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда, Нарын облусуна иш сапарынын алкагында «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Бул тууралуу президенттин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысына жүктөрдү өткөрүү тартиби, анын ичинде радиациялык-порталдык мониторлордун иши, жүктөрдүн инспекциялык тыкыр текшерүүдөн өтүүсүнө мүмкүндүк берген, эсепке алынбай калган товарларды өткөрүп жиберүү тобокелдигин жокко чыгарган автоматташтырылган инспектордук-текшерүү комплекси көрсөтүлдү. Өтүп жаткан жүк жана унаалар боюнча бардык маалыматтар бажы базасында 10 жыл боюу сакталып турат.

Бүгүнкү күндө товарларды ташуу бирдиктүү алгоритмге ылайык ишке ашырылып, коронавирус пандемиясы шартында зарыл болгон дезинфекциялык чараларды колдонуу менен жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Азыркы учурда Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүнүн алкагында көзөмөл-өткөрмө жайын модернизациялоо иштери улантылууда. Ага ылайык, бажы көзөмөлүнөн өткөрүүчү кошумча жабдуулар жана программалардын комплекси орнотулуп, объект толук камсыздалат. Бардык иштерди 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландаштырылган.

Садыр Жапаров «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүп, санкцияланбаган жана эсепке алынбаган товарларды ташып кирүү тобокелдигин  жоюу үчүн автоматташтырылган бажы системасынын ишин үзгултүксүз жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан сырткары, Мамлекеттик бажы кызматына «Торугарт» чек ара тозотунун азыркы инфрастурктурасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иштетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жер титирөө катталды

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жер титирөө катталды

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, кечээ кечинде Кыргызстанда эки жер титирөө болду. Маалыматтарга ылайык, биринчи жер титирөө 8-июлда саат 1:54тө катталып, анын күчү 4 баллды түзгөн. Жер титирөөнүн эпицентри Тоскоол айылынан түштүк-батышка 7 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түштүк-чыгышка 22 чакырым жана Манас шаарынан түндүк-

Ошто 70 көп кабаттуу үйдүн фасады жаңыланат

Ошто 70 көп кабаттуу үйдүн фасады жаңыланат

Ош шаарында быйыл 70 көп кабаттуу турак жайдын сырткы фасадын оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иштер мэриянын "кош каржылоо" долбоорунун алкагында аткарылууда. Ага ылайык, оңдоо иштеринин 50%ын мэрия, калган 50%ын көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары каржылайт. Учурда 30 көп кабаттуу үйдүн фасады

Айыл чарба боюнча суроолоруңуз барбы? 1210 номерине чалыңыз

Айыл чарба боюнча суроолоруңуз барбы? 1210 номерине чалыңыз

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандар үчүн иштеген 1210 бирдиктүү байланыш номери аркылуу мамлекеттик колдоо программалары жана айыл чарба тармагына байланыштуу маселелер боюнча акысыз кеңеш алууга болорун эскертти. Министрликтин маалыматына ылайык, 1210 колл-борбору аркылуу жарандар жеңилдетилген насыялар, субсидиялар, айыл чарба техникаларын лизингге алуу жана

Мэр Бишкектеги ири курулуш объектилерин кыдырды

Мэр Бишкектеги ири курулуш объектилерин кыдырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаада курулуп жаткан жана реконструкцияланып жаткан бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилерди кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мэр алгач Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан "Үмүт чырагы" адистештирилген бала бакчасына барды. Жалпы аянты 3467 чарчы метр