Кыргызстан бюджеттик башкарууну жакшыртуу үчүн Франциянын Linpico SARL. компаниясын жалдады

Кыргызстан бюджеттик башкарууну жакшыртуу үчүн Франциянын Linpico SARL. компаниясын жалдады

Экономика министрлиги бюджеттик пландоону, координациялоону, аткарууну жана ачык-айкындуулукту күчөтүү максатында Франциянын Linpico SARL компаниясын жалдады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Linpico SARL Кыргызстанга төмөнкү багыттар боюнча консультациялык жардам көрсөтөт:

  • Орточо жана узак мөөнөттүү мезгилге бюджеттин киреше жана чыгашаларын натыйжалуу болжолдоо үчүн финансылык программалоонун колдонуудагы эконометрикалык моделин жаңыртуу
  • Бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүү
  • Эл аралык практикага ылайык, накталай акчаны пландаштыруу, накталай ликвиддүүлүктү башкаруу жана бюджеттик милдеттенмелерди контролдоо жол-жоболорун жана тажрыйбаларын өркүндөтүү
  • Мамлекеттик карызды башкаруунун жаңыланган стратегиясын даярдоо, DMFAS v6.0 конфигурациясына функционалдык жана техникалык талаптарды даярдоо (тышкы жана ички карыздарды башкаруу жана эсепке алуу үчүн)
  • Эл аралык финансылык отчет стандарттарына ылайык ченемдик-методикалык документтерди иштеп чыгуу

Компания тапшырманы аткарууга киришип, 19-майда долбоорго катышкан департамент жана бөлүм башчылары менен бир катар жолугушууларды жана талкууларды өткөрдү. Жолугушууларга Дүйнөлүк Банктын жамааты дагы катышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2018-жылдын июнь айында жактырылган «Мамлекеттик финансылык менеджменттин потенциалын жогорулатуу» экинчи долбоорунун алкагында француз компаниясын жалдаган. Бул долбоор Швейцария өкмөтүнүн жана Европа Комиссиясынын гранттык салымдары менен Көп тараптуу Донордук Фонддун алкагында ишке ашырылууда жана Дүйнөлүк Банк тарабынан көзөмөлдөнөт.

 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 9-июлда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 9-июлда ичүүчү суу өчүрүлөт

9-июлда саат 09:00дөн 03:00гө чейин Бишкектин бир катар турак жайларында, социалдык объектилеринде жана ишканаларында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу берүү Д=500 мм болгон эки шаардык суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат. Өчүрүлө турган аймактар: Алма-Ата көчөсү, "

Чаткалда сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Чаткалда сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасына ылайык, Чаткал районундагы Кара-Токой көлүнө алып баруучу көпүрө ыкчам түрдө калыбына келтирилди. Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынын маалыматына ылайык, буга чейин селдин кесепетинен көпүрөгө зыян келип, туристтердин өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген. Тиешелүү кызматтар тарабынан жүргүзүлгөн калыбына келтирүү иштери аяктап, көпүрө

Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

7-июлда TezJet авиакомпаниясына таандык “McDonnell Douglas MD-83” үлгүсүндөгү аба кемеси Бишкек – Ош багыты боюнча каттамды аткарууга даярданып жаткан учурда, сол шассисинин таянычы сынып, бүктөлүп калган. Натыйжада аба кемеси сол тарапка кыйшайып, сол канаты учуп-конуу тилкесинин үстүңкү бетине тийип, токтогон. Бардык зарыл чаралар өз убагында көрүлүп, жабыркагандар болгон

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да