Кыргызстандагы ишканалар акыркы беш жылда эң аз киреше алышты

Кыргызстандагы ишканалар акыркы беш жылда эң аз киреше алышты

2020-жылы Экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын кирешеси беш жылдын ичинде эң төмөн болду. Дээрлик 22 миң ишкана жана уюмдар болгону 10.6 млрд гана пайда көрүшкөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылы республиканын экономикасынын реалдуу секторунда 22 миңге жакын ишканалар жана уюмдар ишмердигин жүргүзүшкөн. Өткөн жылдын жыйынтыктары боюнча алар болгону 10.6 млрд сом өлчөмүндө пайда алышкан жана анын көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 4.5 эсеге аз болгон.

2020-жылы акыркы беш жылдын ичинде сальдолоштурулган пайданын эң аз суммасы жана операциалык эмес ишмердиктен чыгымдардын эң чоң көлөмү алынган. Мындай чыгымдардын суммасы 2019-жылга салыштырмалуу 7 эсеге көбөйгөн жана ал 60.5 млрд сомго жеткен.

Негизинен экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын финансылык-чарбалык ишмердиги акыркы беш жылдын ичинде рентабелдүү бойдон калып жатканын Улутсатком маалымдады.

Мындан тышкары окуңуз

Чаткалда сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Чаткалда сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасына ылайык, Чаткал районундагы Кара-Токой көлүнө алып баруучу көпүрө ыкчам түрдө калыбына келтирилди. Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынын маалыматына ылайык, буга чейин селдин кесепетинен көпүрөгө зыян келип, туристтердин өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген. Тиешелүү кызматтар тарабынан жүргүзүлгөн калыбына келтирүү иштери аяктап, көпүрө

Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

7-июлда TezJet авиакомпаниясына таандык “McDonnell Douglas MD-83” үлгүсүндөгү аба кемеси Бишкек – Ош багыты боюнча каттамды аткарууга даярданып жаткан учурда, сол шассисинин таянычы сынып, бүктөлүп калган. Натыйжада аба кемеси сол тарапка кыйшайып, сол канаты учуп-конуу тилкесинин үстүңкү бетине тийип, токтогон. Бардык зарыл чаралар өз убагында көрүлүп, жабыркагандар болгон

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын