Кытайдан товарларды алып келүү тездейт – Кытай бийлиги КРга чек арада текшерүүнүн тездетилген механизмин сунуш кылды

Кытайдан товарларды алып келүү тездейт – Кытай бийлиги КРга чек арада текшерүүнүн тездетилген механизмин сунуш кылды

Кытай кыргыз бийлигине кыргыз-кытай чек арасындагы товарлардын өтүшүнүн эпидемиологиялык көзөмөлдү эске алуу менен, тездетилген механизмин кабыл алууну сунуштады.

Бул механизм 18-июнда эки мамлекеттин эксперттери жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү тарабынан талкууланганын КРнын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жүктөрдү текшерүүнүн жаңы механизми жүктөрдү жана жүк ташуучу унааларды «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү пунктары аркылуу тездетип өткөрүү үчүн шарттарды түзүүнү камтыйт. Бирок Экономика министрлиги азырынча бул механизм жөнүндө конкреттүү маалымат бере элек.

Кыргыз тарап Кытай бийлигинин сунушун сын-пикирлерди эске алуу менен колдоп, аны ишке ашыруу боюнча сунуштарын киргизгенин Экономика министрлиги билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 9-июлда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 9-июлда ичүүчү суу өчүрүлөт

9-июлда саат 09:00дөн 03:00гө чейин Бишкектин бир катар турак жайларында, социалдык объектилеринде жана ишканаларында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу берүү Д=500 мм болгон эки шаардык суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат. Өчүрүлө турган аймактар: Алма-Ата көчөсү, "

Чаткалда сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Чаткалда сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасына ылайык, Чаткал районундагы Кара-Токой көлүнө алып баруучу көпүрө ыкчам түрдө калыбына келтирилди. Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынын маалыматына ылайык, буга чейин селдин кесепетинен көпүрөгө зыян келип, туристтердин өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген. Тиешелүү кызматтар тарабынан жүргүзүлгөн калыбына келтирүү иштери аяктап, көпүрө

Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

7-июлда TezJet авиакомпаниясына таандык “McDonnell Douglas MD-83” үлгүсүндөгү аба кемеси Бишкек – Ош багыты боюнча каттамды аткарууга даярданып жаткан учурда, сол шассисинин таянычы сынып, бүктөлүп калган. Натыйжада аба кемеси сол тарапка кыйшайып, сол канаты учуп-конуу тилкесинин үстүңкү бетине тийип, токтогон. Бардык зарыл чаралар өз убагында көрүлүп, жабыркагандар болгон

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да