Пакистан Кыргызстандын портторго чыгуусуна көмөк көрсөтүүгө даяр

Пакистан Кыргызстандын портторго чыгуусуна көмөк көрсөтүүгө даяр

Пакистан Кыргызстандын Карачидеги жана Гвадардагы деңиз портторуна чыгуусун камсыз кылууга даяр. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушууда пакистандык кесиптеши Макдум Шах Махмуд Хусейн Куреши билдирди. Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу 18-июнда Анталия Дипломатиялык форумунун алкагында өткөнүн министрликтин маалымат кызматы билдирет.

Ошондой эле Пакистандын Тышкы иштер министри Пакистан, Кытай, Кыргызстан жана Казакстандын транзиттик жүк ташуу боюнча төрт тараптуу келишимин жандандыруу зарылдыгын белгиледи.

Тышкы иштер министрлери эки тараптуу кызматташтыкты, ведомстволор аралык үзгүлтүксүз саясий консультацияларды өткөрүү жана расмий сапарларды уюштуруу маселелерин да талкуулашты.

Эки мамлекеттин потенциалына дал келбеген соода-экономикалык кызматташтыктын деңгээлине токтолуп, Казакбаев ушул жылы өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнү сунуштады. Мындан тышкары, ал КРнын медициналык университеттерин Пакистандын медициналык комиссиясынын «кара тизмесинен» чыгарып салуу маселеси тез арада чечилет деген үмүтүн билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 9-июлда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 9-июлда ичүүчү суу өчүрүлөт

9-июлда саат 09:00дөн 03:00гө чейин Бишкектин бир катар турак жайларында, социалдык объектилеринде жана ишканаларында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу берүү Д=500 мм болгон эки шаардык суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат. Өчүрүлө турган аймактар: Алма-Ата көчөсү, "

Чаткалда сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Чаткалда сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасына ылайык, Чаткал районундагы Кара-Токой көлүнө алып баруучу көпүрө ыкчам түрдө калыбына келтирилди. Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынын маалыматына ылайык, буга чейин селдин кесепетинен көпүрөгө зыян келип, туристтердин өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген. Тиешелүү кызматтар тарабынан жүргүзүлгөн калыбына келтирүү иштери аяктап, көпүрө

Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

7-июлда TezJet авиакомпаниясына таандык “McDonnell Douglas MD-83” үлгүсүндөгү аба кемеси Бишкек – Ош багыты боюнча каттамды аткарууга даярданып жаткан учурда, сол шассисинин таянычы сынып, бүктөлүп калган. Натыйжада аба кемеси сол тарапка кыйшайып, сол канаты учуп-конуу тилкесинин үстүңкү бетине тийип, токтогон. Бардык зарыл чаралар өз убагында көрүлүп, жабыркагандар болгон

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да