Россиялык КММ базарда толуп калды – талап кылынбаган ата мекендик дизелди Өзбекстанга экспорттоо сунушталууда

Россиялык КММ базарда толуп калды – талап кылынбаган ата мекендик дизелди Өзбекстанга экспорттоо сунушталууда

Энергетика министрлиги ата мекендик мунайды кайра иштетүүчү заводдорго дизелдик отунду темир жол аркылуу Өзбекстанга экспорттоого мүмкүнчүлүк берүүнү суранууда. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Ички керектөө рыногундагы субъекттердин экономикалык активдүүлүгүнө байланыштуу, импорттолгон мунай заттарынын келиши өлкөдө олуттуу байкалууда. Суроо-талаптан да сунуштун ашып кетүүсүнүн натыйжасында, орусиялык күйүүчү-майлоочу майлардын (ККМ) жогорку сапаттагы дизелдик отуну республиканын базарында толуп калган.

Ата мекендик дизель отуну сапаты жана наркы боюнча россиялык ККМдан кыйла төмөн экендигин эске алганда, жергиликтүү дизелдик отун өндүрүүчүлөр атаандаштыкка туруштук бере алышпайт жана өздөрүнүн продукциясын сатууда кыйынчылыкка туш болушат, анткени өндүрүлгөн күйүүчү май рынокто суроо-талапка ээ эмес деп белгиленген долбоордун негиздемесинде.

Сатуунун көлөмүнүн кескин төмөндөшү – резервуар паркынын ашыкча толтурулушуна алып келет, натыйжада, чийки мунайды кайра иштетүү процессин начарлатат. Энергетика министрлиги бул көрүнүштү кайра иштетүүчү заводдордун гана ишин токтотпостон, өндүрүш көлөмүнүн кыскаруусуна жана жалпысынан мунай кенинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн деп чочулоодо. Ошондуктан, талап кылынбаган ата мекендик дизелди коңшу өлкөгө өткөрүү зарылчылыгы турат.

Белгилей кетсек, март айында Кыргызстан ЕАЭБдин аймагынан тышкары мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салган. Өкмөттүн чечимине ылайык, чектөөлөр ички базар каныкканга чейин же ЕАЭБдин мунай заттарынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин күчүндө болот.

 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 9-июлда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 9-июлда ичүүчү суу өчүрүлөт

9-июлда саат 09:00дөн 03:00гө чейин Бишкектин бир катар турак жайларында, социалдык объектилеринде жана ишканаларында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу берүү Д=500 мм болгон эки шаардык суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат. Өчүрүлө турган аймактар: Алма-Ата көчөсү, "

Чаткалда сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Чаткалда сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасына ылайык, Чаткал районундагы Кара-Токой көлүнө алып баруучу көпүрө ыкчам түрдө калыбына келтирилди. Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынын маалыматына ылайык, буга чейин селдин кесепетинен көпүрөгө зыян келип, туристтердин өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген. Тиешелүү кызматтар тарабынан жүргүзүлгөн калыбына келтирүү иштери аяктап, көпүрө

Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

7-июлда TezJet авиакомпаниясына таандык “McDonnell Douglas MD-83” үлгүсүндөгү аба кемеси Бишкек – Ош багыты боюнча каттамды аткарууга даярданып жаткан учурда, сол шассисинин таянычы сынып, бүктөлүп калган. Натыйжада аба кемеси сол тарапка кыйшайып, сол канаты учуп-конуу тилкесинин үстүңкү бетине тийип, токтогон. Бардык зарыл чаралар өз убагында көрүлүп, жабыркагандар болгон

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да