Жакында баалар турукташат – Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирет

Жакында баалар турукташат – Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирет

19-июнда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги жана департаменттин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча кызматкерлери тарабынан Сары Өзөн жана Орто-Сай базарларында баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча иш-чараларды өткөрүштү. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.  

Базардагы сатуучулар менен болгон иш-чарада сабизге, картошкага жана башка жашылчаларга баанын негизсиз өсүшүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Агенттиктен билдиргендей, жакын арада жаңы түшүм чыгат жана баалар турукташат.

Монополияга каршы органдын кызматкерлери күн сайын КРнын бүткүл аймагындагы базарларда жана соода түйүндөрүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканын Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кабарлайт.

Эскерте кетсек, өткөн аптада 1кг сабиздин баасы 100 сомго көтөрүлгөн болчу. Анын себебин Айыл-чарба министрлигиЕАЭБ өлкөлөрүнө, тактап айтканда, Россия менен Казакстанга экспорттоонун ири көлөмү менен байланыштырган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 9-июлда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 9-июлда ичүүчү суу өчүрүлөт

9-июлда саат 09:00дөн 03:00гө чейин Бишкектин бир катар турак жайларында, социалдык объектилеринде жана ишканаларында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу берүү Д=500 мм болгон эки шаардык суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат. Өчүрүлө турган аймактар: Алма-Ата көчөсү, "

Чаткалда сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Чаткалда сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасына ылайык, Чаткал районундагы Кара-Токой көлүнө алып баруучу көпүрө ыкчам түрдө калыбына келтирилди. Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынын маалыматына ылайык, буга чейин селдин кесепетинен көпүрөгө зыян келип, туристтердин өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген. Тиешелүү кызматтар тарабынан жүргүзүлгөн калыбына келтирүү иштери аяктап, көпүрө

Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

7-июлда TezJet авиакомпаниясына таандык “McDonnell Douglas MD-83” үлгүсүндөгү аба кемеси Бишкек – Ош багыты боюнча каттамды аткарууга даярданып жаткан учурда, сол шассисинин таянычы сынып, бүктөлүп калган. Натыйжада аба кемеси сол тарапка кыйшайып, сол канаты учуп-конуу тилкесинин үстүңкү бетине тийип, токтогон. Бардык зарыл чаралар өз убагында көрүлүп, жабыркагандар болгон

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да