Ысык-Көл Жалал-Абаддыктарды күтөт – аба каттам ишке кирди
«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 1-июлда 8 жылдан бери алгачкы ирет Жалал-Абаддан аба каттамды тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
«Тез Джет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Жалал-Абад – Тамчы багытында 91 жүргүнчүнү, анын ичинде 13 баланы алып келди. Ал эми Тамчы-Жалал-Абад багыты боюнча 11 жүргүнчү учуп кетишти.
«Жүргүнчүлөр бул каттамдын ыңгайлуу жана жайлуу экендигин белгилешти. Авиакомпания каттамды жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүүнү пландоодо», – деп билдирди аэропорттун басма сөз кызматы.