МинКаб өзгөчө кырдаалдар убагында төлөмдөрдү төлөө тартибин тактоону сунуштады

МинКаб өзгөчө кырдаалдар убагында төлөмдөрдү төлөө тартибин тактоону сунуштады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коомдук талкууга өзгөчө кырдаал учурунда жабыркаган жарандарга бир жолу берилчү социалдык төлөмдөрдүн шарттары жана тартибин тактоочу жобо долбоорун чыгарды.

Өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы азыркы жобону колдонууда пайда болгон практикалык маселелерге байланыштуу. Финансы министрлиги бюджетке болгон тобокелдиктерди көрсөткөн: калкка бир адамга жашоо минимуму өлчөмүндө төлөмдөрдү берүү болжол менен 10 млрд сомду түзмөк, бул республикалык бюджеттин аткарылышына коркунуч жаратмак.

Натыйжада, такталган өлчөм “муктаждыктын фактысына жараша аныкталат” деген принцип менен алмаштырылды. Жабыркаган жарандар жана каза болгон үй-бүлөлөр үчүн так суммаларды МинКаб жарандык коргоо комиссияларынын чечимдерине ылайык, кырдаалдын масштабы жана кесепеттерине карап бекитет.

Мындан тышкары, төлөмдөрдү алуу талаптарынан өз каалоосу менен камсыздандыруу полиси алынган: камсыздандыруу компаниялары өзгөчө кырдаал учурундагы окуяларды камсыздандыруу учуру катары тааный бербегени аныкталган, бул шарт мыйзамдык жактан маанисиз болгон.

Ошондой эле, жабыркагандар тизмесин түзүүдө жергиликтүү бийлик органдары менен жарандык коргоо комиссияларынын функциялары такталган, чечим кабыл алуу мөөнөттөрү оперативдүү жооп берүү зарылдыгына байланыштуу кыскартылган.

ӨКМ маалыматы боюнча, 2024-жылы өлкөдө 133 өзгөчө кырдаал катталып, 79 адам каза болгон жана 18 адам жабыркаган.

Мындан тышкары окуңуз

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media
Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, мамлекет башчысынын сапары бүгүн башталып, эки күнгө созулат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

13-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо объектилерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбейт. Суу өчүрүлө турган аймактар: • Алыкулов – Костанай – Муром – Садыгалиев – Лев Толстой

Ишкер Media
Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Кече Кара-Көл шаарында энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Электр станциялар” ачык акционердик коомунда кеңешме өткөрдү. Ага компаниянын башкы дирекциясынын өкүлдөрү, филиалдардын директорлору жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Кеңешменин жүрүшүндө “Электр станциялар” ААКсынын башкы директору Улугбек Мамыралиев компаниянын ишмердүүлүгү, негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөр, энергетикалык жабдуулардын учурдагы абалы, оңдоо иштеринин жүрүшү жана 2026–

Ишкер Media