Ошто эски “Келечек” базарын көчүрүү иштери уланууда

Ошто эски “Келечек” базарын көчүрүү иштери уланууда

Ош шаарындагы эски “Келечек” базарын жаңы “Келечек” базарына көчүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Көчүрүү иштери Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык жүргүзүлүп жатат.

Соодагерлерди жаңы соода жайына этап-этабы менен көчүрүү үчүн Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тиешелүү кызматтар тарабынан комплекстүү чаралар көрүлүүдө.

Көчүрүү процесси соодагерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана базардын ишин иретке келтирүү максатын көздөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Өзбекстандан Кыргызстандын карамагына эки айыл өттү

Өзбекстандан Кыргызстандын карамагына эки айыл өттү

Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен чек араларды демаркациялоо маалында мурда Өзбекстанга тиешелүү болуп келген эки айыл жашоочулары менен кошо (болжол менен 2500 адам) Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирди. Маалыматка ылайык, мурда Фергана облусуна караштуу болуп келген Чоңгара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстандын карамагына өттү. Бул айылдарда этникалык

Баткенде мигранттардын долбоорлору аркылуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү

Баткенде мигранттардын долбоорлору аркылуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы жана Казакстандагы өкүлдөрү менен жолугушту. Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, делегация Баткенге Улуу Британиядан кайтып келген эмгек мигранттарынын ишкердик демилгелерин колдоо долбоорунун жыйынтыгын карашты. 2023–2025-жылдары “1+1” механизми аркылуу мекенге кайтып келген 59 жарандын бизнес-пландары каржыланып, алардын 39у

Баткенде селдин кесепетинен ичүүчү суу токтотулду

Баткенде селдин кесепетинен ичүүчү суу токтотулду

22-июнда Баткен шаарында катуу сел жүргөндөн кийин тургундар борборлоштурулган суу менен камсыздоодон убактылуу ажырашты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, нөшөрлөгөн жаандан жана анын кесепетинен электр энергиясынын өчүшүнөн улам шаардык резервуарларга суу жетиштүү көлөмдө топтолбой калган. Ушуга байланыштуу шаар боюнча ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулду.

Манастагы жол кырсыгына шектелип 18 жаштагы айдоочу кармалды

Манастагы жол кырсыгына шектелип 18 жаштагы айдоочу кармалды

23-июнда таңкы саат 3:30 чамасында Манас шаарындагы Курманбек жана Качкынбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эки автоунаа кагышып, бир адам каза болду. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Tico үлгүсүндөгү автоунаа Качкынбаев көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, Курманбек көчөсү менен келе жаткан BMW X5 автоунаасынын жолуна чыгып