2020-жылы чакан жана орто бизнестин ишмердүүлүгү кыйла төмөндөгөн – Улутстатком
КРнын аймактарында 2020-жылы 17 миң ишкана иштеп, анда 101 миңге жакын адам эмгектенген, бул 2019-жылга салыштырмалуу 6%га аз. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Берилген маалымат боюнча, чакан жана орто ишкердик субъекттер тарабынан өндүрүлгөн кошумча дүң наркынын көлөмү 2020-жылы 231.3 млрд сом өлчөмүндө түзүлдү жана бул мурдагы жылга салыштырмалуу дээрлик 13%га төмөн болгон. Муну менен бирге, ИДПнын көлөмүндөгү анын үлүшү 4.2% пунктка кыскарган.
2021-жылдын 1-январына карата республикада статистикалык бирдиктердин Бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтары боюнча 419 миңге жакын жеке ишкерлер ишмердигин жүргүзүштү.
2020-жылы чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан дээрлик 58 млрд сомго өнөр жай продукциясы өндүрүлдү же 2019-жылга караганда 4%га аз.
Чакан жана орто ишкердик субъекттер тарабынан аткарылган подряддык иштердин көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 16%га кыскарды.
Чакан жана орто ишкердик субъекттердин дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмү 2020-жылы 426 млрд жакын сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 16%га төмөндөдү. Муну менен бирге, республика боюнча анын жалпы көлөмүндөгү чакан жана орто ишкердиктин соода жүгүртүүсүнүн үлүшүнө 81%ы туура келди, андагы негизги үлүш (47%дан ашык) жеке ишкерлерге туура келди.
Айыл чарбасында, анын ичинде дыйкан (фермердик) чарбаларында ишмердик жүргүзгөн чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан 2020-жылы 150.7 млрд сомго продукциялар өндүрүлгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 9%га көп.