"Ала Тоо резорт" тоо-лыжа комплексине 47 чакырым электр чубалгысы тартылат

"Ала Тоо  резорт" тоо-лыжа комплексине 47 чакырым электр чубалгысы тартылат

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жыргалаң аймагындагы "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа комплексин электр энергиясы менен камсыздоо иштерин текшерди. Ведомстводон маалымдашкандай, ал 35/10 кВ "Үч чоку" жана 35/6 кВ "Жыргалаң" көмөк чордонун, аймактагы электр тармактарынын абалын көрдү.

Мындан тышкары, Ак-Суу РЭТине караштуу жаңы ачыла турган Жыргалаң электр тармактар бөлүмүнүн имаратын текшерип, ал бөлүмдүн штат бирдигин карап чыгуу боюнча тиешелүү жетекчиликке тапшырма берди. Ошондой эле Ак-Суу РЭТин кызматтык унаа менен камсыздоону убадалады.

Андан соң министр жаңы курулуп жаткан Жыргалаң ГЭСинин курулушу менен да таанышып, долбоордун жүрүшү боюнча маалымат алды.

Ал долбоорлордун катарында 110 кВ "Пржевальск" көмөк чордонунан жаңы курула турган 110 кВ "Ала-Тоо резорт" көмөк чордонуна чейин узундугу 47 чакырым болгон аба чубалгысын куруу планы да бар. Долбоорлоо иштери жүргүзүлүп, тиешелүү келишим түзүлгөн, учурда электр мамыларынын чекиттерин тактоо жана макулдашуу иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри социалдык объектилердин курулушун текшерди

Бишкек мэри социалдык объектилердин курулушун текшерди

Кечээ Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаада курулуп жана оңдолуп жаткан социалдык объектилердин абалы менен таанышты. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, "Ак-Тилек" конушунда мэр Ак-Шоокум көчөсүндө салынып жаткан бала бакчанын курулушун текшерди. Учурда объектте от казанын куруу, имараттын ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле шаар

Токтогулда көп жылдык эмендерди зыянкечтен коргоо иштери жүргүзүлдү

Токтогулда көп жылдык эмендерди зыянкечтен коргоо иштери жүргүзүлдү

Токтогул шаарындагы А. Козубеков атындагы эс алуу паркында көп жылдык эмен дарактарын зыянкечтерден коргоо максатында химиялык иштетүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин маалыматына ылайык, парктагы эмен дарактарында "дубовый минирующий пилильщик» зыянкечинин таралышы аныкталган. Анын дарактарга тийгизген зыяндуу таасирин

Бишкектин бир катар конуштарында жолдор жаңыланууда

Бишкектин бир катар конуштарында жолдор жаңыланууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы жол инфраструктурасы жана спорттук объектилер боюнча жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мэр Анкара көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн "Рухий-Мурас" конушундагы 8-көчөгө чейинки бөлүгүндө салынып жаткан тротуардын курулушу менен таанышты. Анын жалпы узундугу 1 чакырымды түзөт. "Кара-

Ала-Бука райондук сотунун жаңы имараты 43,9 млн сомго курулду

Ала-Бука райондук сотунун жаңы имараты 43,9 млн сомго курулду

Ала-Бука райондук сотунун жаңыдан курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абаддын облустук сотунан билдиришти. Маалыматка ылайык, эки кабаттан турган имараттын курулушу 2023-жылы башталган. Долбоордун сметалык баасы 54 млн 965 миң 454 сомду түзүп, тендердин жыйынтыгында "СК Универсал" ЖЧКсы курулуш иштерин 43 млн 893 миң 178