ЕӨБ Кыргызстанга, Тажикстанга жана Арменияга инвестицияларын 500 млн долларга чейин көбөйтөт

ЕӨБ Кыргызстанга, Тажикстанга жана Арменияга инвестицияларын 500 млн долларга чейин көбөйтөт

Евразия Өнүктүрүү Банкы (ЭӨБ) миноритардык акционерлердин өлкөлөрүндө долбоордук ишмердүүлүгүн кеңейтип, Кыргызстан, Тажикстан жана Арменияга инвестициялардын жалпы көлөмүн 500 млн долларга жеткирет. Бул банктын кеңешинин кезектеги отурумунан кийин белгилүү болгонун Экономика министрлиги маалымдады.

Министрликтин маалыматы боюнча, региондун макроэкономикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен банктын мүчө өлкөлөрүнүн ар бири үчүн өзүнчө стратегияларды иштеп чыгуу пландаштырылууда.

ЕӨБдүн Кеңешинин отурумунда кабыл алынган негизги документтердин бири – банктын 2022-2026-жылдарга карата стратегиясы болгон. Жакынкы мезгилде каржы институту интеграциялык эффект менен чек арадагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасайт. Банктын беш жылдык жалпы инвестициясы 10.9 млрд долларды түзгөнүн министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ЕӨБдүн иш-аракеттери «Европа – Батыш Кытай» транспорттук жана санариптик коридору, ЕАЭБ бирдиктүү товардык бөлүштүрүү тармагы + Борбор Азиянын суу-энергетикалык комплекси сыяктуу ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Шаньдун инвестициялык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Шаньдун инвестициялык кызматташтыкты талкуулашты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Шаньдун провинциясынын Коммунисттик партиясынын катчысы Линь У менен сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана аймактар аралык кызматташтыкты талкуулашты. Кыргызстандын аймактары менен Шаньдун провинциясынын өнөктөштүгүн өнүктүрүү маселесине көңүл бурулду. Эдил Байсалов Кыргызстанда

Бишкекте №62 электробус каттамы ачылат

Бишкекте №62 электробус каттамы ачылат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 3-мартынан тартып жаңы №62 маршруттук каттам ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Эми, Киркомстром конушунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин  экологиялык жактан таза электробустар тейлейт. Каттамдын кыймыл багыты Б. Алыкулов көчөсү, Л. Толстой көчөсү жана Ауэзов көчөсү аркылуу өтөт. Аталган каттам шаардык транспорт системасын оптималдаштыруунун алкагында уюштурулду жана

ELQR 6 жылдын ичинде Кыргызстандын төлөм рыногун кандайча өзгөрттү

ELQR 6 жылдын ичинде Кыргызстандын төлөм рыногун кандайча өзгөрттү

Болгону бир нече жыл мурун QR коду менен төлөмдөрдү жүргүзүү Кыргызстанда технологиялык эксперимент катары каралчу. Бүгүнкү күндө QR ири чекене соода түйүндөрүнөн баштап чакан дүкөндөргө жана кызмат көрсөтүүлөргө чейин эң кеңири таралган төлөм ыкмаларынын бирине айланды. Бул өзгөрүү көбүнчө алты жылдыгын белгилеп жаткан улуттук ELQR системасынын өнүгүшүнө байланыштуу. Баштапкы чекит

"Ала Тоо  резорт" тоо-лыжа комплексине 47 чакырым электр чубалгысы тартылат

"Ала Тоо резорт" тоо-лыжа комплексине 47 чакырым электр чубалгысы тартылат

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жыргалаң аймагындагы "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа комплексин электр энергиясы менен камсыздоо иштерин текшерди. Ведомстводон маалымдашкандай, ал 35/10 кВ "Үч чоку" жана 35/6 кВ "Жыргалаң" көмөк чордонун, аймактагы электр тармактарынын абалын көрдү. Мындан тышкары, Ак-Суу РЭТине караштуу жаңы ачыла турган