Эски ККМди колдонгондугу үчүн алты май куюучу бекетке айып пул салынды
Мамлекеттик салык кызматы контролдук иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 6 май куюучу жайга мунай заттарын сатуу тартибин бузгандыгы үчүн жалпы суммасы 210 миң сомго айып салды. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ош шаары жана Ош облусунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу салык органынын серверине реалдуу убакыт режиминде май куюучу жайларда сатылуучу отун жөнүндө фискалдык маалыматтарды берүү бузулган фактылар аныкталды.
Алсак, «МПА» («НК Сервис» ЖЧК), «Ош ойл» («Транс Энерго компани» ЖЧК), «Кыргызстан» («Бек-Строй плюс» ЖЧК), «Россия нефть» («Россия нефть» ЖЧК), «Кыргыз Мунай» («БМ Энерджи» ЖЧК), «Памир-Алай» («Север-Югойл” ЖЧК) май куюучу жайлары сатылуучу товардын кодун (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду) онлайн-режиминде салык кызматына беришпегендиги аныкталган.
Эскерте кетсек, май куюучу жайлар 2020-жылдын 1-июлунан баштап «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында башкаруунун автоматташтырылган системасын жана сатылган күйүүчү май тууралуу маалыматты (аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду, саны, 1 литр үчүн баасы, жалпы баасы) контролдук-кассалык чекте басып чыгаруу функциясы бар ККМди колдонууга тийиш, ошондой эле, бул маалыматтарды салык органына онлайн-режимде берүүлөрү зарыл.
Май куюучу жайларда жеке ишкерге мунайзаттарды сатуу тартибин бузгандыгы үчүн 12.5 миң сом, юридикалык жакка – 35 миң сом өлчөмүндө айып салынат.
Салык кызматы күйүүчү май рыногунда эмгектенген ишкер субъектилерди ККМдин техникалык мүмкүнчүлүктөрүн талап кылынган ченемдерге ылайык иштөөгө чакырат.