ОКӨФтүн жетекчиси «Россиянын Экспорттук Борбору» менен кызматташууну талкуулады
Орус-кыргыз өнүктүрүү Фондунун (ОКӨФ) башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков Москвада «Россия Экспорттук Борборунун» (РЭБ) башкы директору Вероника Никишина менен жолукту. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ОКӨФ менен РЭБдин биргелешкен долбоорлору кызматташуунун потенциалын чагылдырбайт деп белгилешти.
«Биз КРнын ишкерлери эң популярдуу өнүмдөрдү түзүүсү үчүн мамилелерди толук инвентаризациядан өткөрүп, өз ара аракеттенүүнү күчөтүшүбүз керек», – деп белгиледи Никишина.
Өз кезегинде Новиков фонд борбордун мүмкүнчүлүктөрүн жана ресурстарын колдонуп, КРгы ишкерлерди жана долбоорлорду колдоо үчүн РЭБтин Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгүнүн функцияларын аткарууга даяр экендигин баса белгиледи.
Жолугушуунун катышуучулары өз ара сооданы жогорулатуу жана товарларды биргелешип экспорттоону илгерилетүү үчүн базар аянттары жана электрондук соода элементтери менен заманбап логистикалык инфраструктураны түзүү маселесин иштеп чыгууну талкуулашты.
Тараптар КРнын аймагында ишке ашырылып жаткан биргелешкен кыргыз-орус долбоорлорун, анын ичинде ЭКСАР менен Росэксимбанктын инструменттерин колдой турган жаңы каржы инструменттерин жайылтуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Мындан тышкары, маектешүүлөр биргелешкен ишканаларды түзүү жана экспорттук берүүлөрдү өз ара негизде көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн 2021-жылдын август айында Россиянын компанияларынын жана финансылык институттарынын КРга бизнес сапарын уюштурууну макулдашышты.