Росэксимбанк кыргыз-орус долбоорлорун каржылоо үчүн 27 млн долларлык линиясын ачат
Росэксимбанк жаңы кыргыз-орус долбоорлорун каржылоо үчүн 27 млн долларлык линиясын ачат. Бул боюнча келишим Орус-кыргыз өнүктүрүү Фондунун (ОКӨФ) башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков менен Росэксимбанк башкармалыгынын төрагасы Талыбов Азер Муталим оглунун жолугушуусунда макулдашылды. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, тараптар 2021-жылдын августуна чейин Россияга өндүрүштүн жогорку технологиялуу жабдууларын жана айыл чарба техникаларын КРга жеңилдетилген шартта жеткирүү боюнча лизингдик программаны баштоо мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну макулдашышты. Ушул программанын аркасында кыргызстандык ишкерлер мыкты шарттарда өз долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Россиянын технологиялары жана жабдуулары менен камсыздоочу алдыңкы компаниялар менен байланышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Россиянын финансылык институттары менен кызматташтыкты кеңейтүүнүн, КРгы долбоорлорго Россиянын инвестициясын колдоо, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду карап чыгуу жана бекитүү убактысын кыскартуунун маанилүүлүгүн белгилешкенин Фонддон маалымдашты.