Супермаркеттер кант менен өсүмдүк майынын бааларын төмөндөтүштү
«Народный», «Глобус» жана «Фрунзе» ири соода түйүндөрүндө шекердин жана күн карама майынын баалары арзандады. Бул тууралуу Мамлекеттик монополияга каршы агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик агенттиктин айтымында, соода түйүндөрү төмөнкү азыктарга бааларды көзөмөлдөөдө:
- кум шекер – 62-63 сомдон 55 сомго чейин арзандады
- күн карама майынын арзандатылган баасы – литри 15 сомдон 20 сомго чейин болууда
«Базарларда ар түрдүү баалар байкалууда. Жакынкы күндөрү базарлар, башка соода түйүндөрү жана дүкөндөр монополияга каршы чаралар менен көзөмөлдөнүп баштайт», – деп кошумчалады мамлекеттик агенттик.