Түркиялык 16 компаниянын өкүлдөрү Бишкекке келишти

Түркиялык 16 компаниянын өкүлдөрү Бишкекке келишти

Кыргыз-түрк бизнес-форумунун алкагында Түркия Республикасынын Хатай шаарынын мэри Лүтфү Саваш баш болгон жеке ишкерлердин делегациясы Бишкекке келишип, эки өлкөнүн кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы кабарлады.

Делегациянын курамында айыл-чарба, курулуш, туризм, тамак-аш өнөр-жайы сыяктуу 16 компаниянын өкүлдөрү келген. Аталган иш-чара кечээ, 4-июлда СӨПда Бишкекте өттү.

Иш-чаранын ачылыш аземинде СӨПнын Президенти Марат Шаршекеев катышуучуларды тосуп алып жатып, бул форум эки мамлекеттин бизнес өкүлдөрү ортосунда кызматташууну бекемдөөдө маанилүү экенин белгилеп өттү. Андан соң жүргүзгөн ишмердүүлүгү жана кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Искендерун шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Башкармалыгынын төрагасы Левент Хаккы Йылмаз айтып кетти.

Кыргыз тараптан конокторго Бишкек шаарынын Эркин экономикалык аймагы боюнча презентация тартууланды. Форумдун соңунда катышуучулар түздөн-түз кызматташууну талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.

Жалпысынан иш-чарага кыргыз тараптан 30дан ашык ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Шаньдун инвестициялык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Шаньдун инвестициялык кызматташтыкты талкуулашты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Шаньдун провинциясынын Коммунисттик партиясынын катчысы Линь У менен сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана аймактар аралык кызматташтыкты талкуулашты. Кыргызстандын аймактары менен Шаньдун провинциясынын өнөктөштүгүн өнүктүрүү маселесине көңүл бурулду. Эдил Байсалов Кыргызстанда

Бишкекте №62 электробус каттамы ачылат

Бишкекте №62 электробус каттамы ачылат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 3-мартынан тартып жаңы №62 маршруттук каттам ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Эми, Киркомстром конушунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин  экологиялык жактан таза электробустар тейлейт. Каттамдын кыймыл багыты Б. Алыкулов көчөсү, Л. Толстой көчөсү жана Ауэзов көчөсү аркылуу өтөт. Аталган каттам шаардык транспорт системасын оптималдаштыруунун алкагында уюштурулду жана

ELQR 6 жылдын ичинде Кыргызстандын төлөм рыногун кандайча өзгөрттү

ELQR 6 жылдын ичинде Кыргызстандын төлөм рыногун кандайча өзгөрттү

Болгону бир нече жыл мурун QR коду менен төлөмдөрдү жүргүзүү Кыргызстанда технологиялык эксперимент катары каралчу. Бүгүнкү күндө QR ири чекене соода түйүндөрүнөн баштап чакан дүкөндөргө жана кызмат көрсөтүүлөргө чейин эң кеңири таралган төлөм ыкмаларынын бирине айланды. Бул өзгөрүү көбүнчө алты жылдыгын белгилеп жаткан улуттук ELQR системасынын өнүгүшүнө байланыштуу. Баштапкы чекит

"Ала Тоо  резорт" тоо-лыжа комплексине 47 чакырым электр чубалгысы тартылат

"Ала Тоо резорт" тоо-лыжа комплексине 47 чакырым электр чубалгысы тартылат

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жыргалаң аймагындагы "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа комплексин электр энергиясы менен камсыздоо иштерин текшерди. Ведомстводон маалымдашкандай, ал 35/10 кВ "Үч чоку" жана 35/6 кВ "Жыргалаң" көмөк чордонун, аймактагы электр тармактарынын абалын көрдү. Мындан тышкары, Ак-Суу РЭТине караштуу жаңы ачыла турган