Ар бир аял билиш керек. Декреттик өргүү жана жөлөкпулдар

Ар бир аял билиш керек. Декреттик өргүү жана жөлөкпулдар

Кыргызстанда декреттик өргүү жана жөлөк пулдарды алуу боюнча аялдардын укуктары мыйзам деңгээлинде так көрсөтүлгөн. Аялдар төрөгөнгө байланыштуу 140 күнгө чейин өргүү алуу укугуна ээ. Бирок өлкөдө расмий түрдө иштебеген аялдардын саны көп болгондуктан, төрөт жана баланы багуу үчүн тийиштүү шарттар түзүлбөй жаткандыгы чоң көйгөйлөрдүн бири болуп келет.

Economist.kg басылмасынын редакциясы декреттик өргүүнү кимдер ала алаарын, бул жааттагы улуттук мыйзамдар кандайча сакталып жаткандыгын жана ички эмгек рыногунун өзгөчөлүктөрү тууралуу билүүгө аракет кылды.

Декреттик өргүү жана жөлөкпулдар тууралуу

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, төмөндөгүлөр жөлөкпул алууга укуктуу:

• Жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзгөндөр

• Жеке ишкерлер

• Дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү

• Расмий түрдө жумушсуз деп табылган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар.

Иштеген аялдарга декреттик өргүү 126 күндөн 140 календардык күнгө чейин берилет.

Жөлөкпулдун өлчөмү кантип аныкталат:

  • Жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзгөн аялдар, алгачкы 10 жумуш күнү үчүн – эмгек акынын 100% өлчөмүндө, 11-жумуш күнүнөн баштап айына 1000 сомдон ала алышат
  • Бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда туруктуу жашаган аялдарга эмгек акынын (кирешенин) 100 пайызы өлчөмүндө бардык жумушчу күндөр үчүн төлөнөт
  • Жеке ишкерлерге жана юридикалык жак катары катталбаган дыйкан чарбалардын мүчөлөрүнө 11-жумушчу күндөн тартып, айына 1 миң сом өлчөмүндө берилет
  • Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу расмий түрдө жумушсуз деп катталган адамдарга 11-жумушчу күндөн тартып, айына 1 миң сом өлчөмүндө төлөнөт
  • Иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турбаган, иштебеген адамдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөнбөйт.

Өлкөдөгү абал

Эмгек рыногунда гендердик теңчилик маселелери боюнча эксперт Кайыргүл Садыбакасованын айтымында, учурда расмий түрдө эмгектенген аялдар гана жөлөк пулга ишене ала тургандыгы чоң көйгөй болуп келет. Анткени Кыргызстанда расмий эмес ар түрдүү жумуштар менен алектенген аялдардын саны көп.

«Бизде патент менен иштегендер, дыйкан чарбаларында эмгектенгендер бар, соттолгон аялдар бар, алардын бардыгы жөлөкпул алууга укуктуу. Дагы бир маселе, аларга жөлөкпул төлөөнүн механизмдери ар түрдүү. Расмий эмес сектордо иштегендер жөлөкпул ала алышпайт», –  деди эксперт.

Редакция кайсы тармактарда аялдар көбүрөөк корголоорун билүү үчүн менчиктин ар кандай формасындагы компаниялардын кызматкерлерине кайрылды.

«Менин декреттик өргүүм 11 айга созулду, мен өргүүгө чыгаарым менен мага бир айлык маяна төлөндү. Жумушка кайтып чыыкандан кийин бир жарым жыл бою эмчек эмизүүгө бир сааттан убакыт берилди», – деди Кыргызстандагы эл аралык банктардын биринин кызматкери.

«Менде декреттик өргүү деген жок, төрөгөндөн кийин эки жумадан кийин эле онлайн-режиминде иштей баштадым. Ооруканадан мага справка беришти, мен калган документтерди чогултуп, мамлекеттен 3000 сомдун тегерегинде жөлөкпул ала алдым», –  деди ишкерлик менен алектенген айым.

Энени коргоонун жоктугунун терс кесепеттери

Бойдон алдыруунун эң жогорку пайызы Чүй облусуна жана Бишкек шаарына туура келет. Эксперт Кайыргүл Садыбакасованын айтымында, аялдарга төлөнүүчү кепилдиктердин жоктугу мындай статистикага таасирин тийгизиши мүмкүн.

«Себептерин эсептөө кыйын, бул жерде дагы башка көптөгөн факторлор бар, бирок аялдар арасында бул маселеде кепилдиктин жоктугу алардын бойдон алдыруусуна түрткү бериши мүмкүн», – деди эксперт. 

Эмне кылуу керек?

ЭЭУнун Энелерди коргоо Конвенциясын ратификациялаган мамлекеттерде, акчалай жөлөкпул алуу укугун берип, аялдардын басымдуу көпчүлүгүнүн муктаждыктарын канааттандырууну дал ушул конвенция камсыз кылат.

Документте эгер аял улуттук мыйзамдарга ылайык, белгиленген акчалай жөлөкпулдарды алууга укук берген шарттарды аткарбаса, анда кирешесин текшертүү шарты менен социалдык жардам фонддорунан жетиштүү көлөмдө жөлөкпул алууга укуктуу деп айтылат.

Башкача айтканда, Энелерди коргоо Конвенциясын ратификациялоо – расмий эмес түрдө иштеген аялдарды мыйзамдаштырууга жардам берет, анткени эл аралык келишимге ылайык, иштеген бардык аялдар жөлөк пул алуу укугуна ээ.

 Сүрөт: Эркин Болжуров

Мындан тышкары окуңуз

Дыйкандарга жеңилдетилген насыялар боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Дыйкандарга жеңилдетилген насыялар боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министр Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында аппараттык жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйында министрликтин ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттар талкууланып, санариптештирүү иштерин ылдамдатуу, берилген тапшырмаларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу, ошондой эле түшүм жыйноо маалында дыйкан-фермерлерге ыкчам жардам көрсөтүү маселелери

Григорьевкада сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилет

Григорьевкада сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилет

6-июлда куткаруучулар жана Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Григорьевка капчыгайынын Суу-Ашуу ашуусундагы малчылардан кабар алып, азык-түлүк жеткиришти. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. ӨКМден билдиришкендей, адистер нөшөрлүү жаандан улам Ак-Сай жайлоосунда сел агымы пайда болгонун эскертип, малчыларга коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Учурда малчылардын абалы жакшы, азык-түлүк

Манаста 1,5 млрд сомго “Акылман” Президенттик мектеп-лицейи курулууда

Манаста 1,5 млрд сомго “Акылман” Президенттик мектеп-лицейи курулууда

Манас шаарында жалпы баасы 1,5 млрд сомдон ашкан “Акылман” Президенттик мектеп-лицейинин курулушу жүрүп жатат. Долбоор Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Мектеп-лицей 2,4 гектар аянтка курулуп, анын курамына 360 окуучуга ылайыкталган үч кабаттуу окуу корпусу, 410

Чүйдө 3,6 млн сомдук маркаланбаган бензин аныкталды

Чүйдө 3,6 млн сомдук маркаланбаган бензин аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө Чүй жана Жалал-Абад облустарында молекулярдык маркерлер менен маркаланбаган күйүүчү-майлоочу майларды ташуу жана сатуу фактылары аныкталды. Салык кызматынын маалыматына ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунда молекулярдык маркасы жок 60 миң 508 литр бензинди ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа токтотулган. Алдын ала