Чүйдө 3,6 млн сомдук маркаланбаган бензин аныкталды

Чүйдө 3,6 млн сомдук маркаланбаган бензин аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө Чүй жана Жалал-Абад облустарында молекулярдык маркерлер менен маркаланбаган күйүүчү-майлоочу майларды ташуу жана сатуу фактылары аныкталды.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунда молекулярдык маркасы жок 60 миң 508 литр бензинди ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа токтотулган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча мыйзамсыз ташылып бара жаткан күйүүчү майдын жалпы базар баасы 3,6 млн сомдон ашат.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы май куюучу жайлардын биринде молекулярдык маркери жок АИ-92 үлгүсүндөгү 3,5 тонна бензин сатылып жатканы аныкталган.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу атайын анализатордун жардамы менен аныкталып, күйүүчү майдын курамында молекулярдык маркерлер жок экени "Учкун" ААКсында жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен да тастыкталган.

Аталган фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, чогултулган материалдар укуктук баа берүү жана мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Эске салсак, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда бензин жана дизелдик отунду молекулярдык маркерлер менен милдеттүү түрдө маркалоо талап кылынат. Бул талап өлкөгө импорттолгон жана өлкө ичинде өндүрүлгөн күйүүчү майларга бирдей тиешелүү. Молекулярдык маркери жок күйүүчү майды өлкөгө алып кирүүгө, ташууга, сактоого жана сатууга мыйзам менен тыюу салынат.

Мындан тышкары окуңуз

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Калифорниянын Купертино шаарындагы Стив Жобс театрында Apple компаниясынын жаңы өнүмдөрүнүн бет ачары болуп өттү. Иш-чараны компаниянын жаңы дайындалган башкы директору Джон Тернус биринчи жолу өткөрдү. Бул тууралуу Газеты.Ru басылмасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, бет ачардын жүрүшүндө Apple компаниясы өзүнүн алгачкы бүктөлмө смартфонун — iPhone Duo моделин тааныштырды. Аппарат ачылган учурда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 жарлыгына ылайык жүргүзүлүп жатат. Мындай билдирүүнү Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билиришти. Маалыматка ылайык, Ленин районунда 11-августтагы текшерүүдө мыйзам талаптарын бузган

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн финансы секторундагы уюмдардын кирешеси 166,8 млрд сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,7 млрд сомго же 60,3%га көп. Бул мезгилде финансы секторунун жалпы чыгымдары 102,6 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын биринчи

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн