Дыйкандарга жеңилдетилген насыялар боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Дыйкандарга жеңилдетилген насыялар боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министр Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында аппараттык жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жыйында министрликтин ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттар талкууланып, санариптештирүү иштерин ылдамдатуу, берилген тапшырмаларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу, ошондой эле түшүм жыйноо маалында дыйкан-фермерлерге ыкчам жардам көрсөтүү маселелери каралды.

Министр Эрлист Акунбеков жеңилдетилген насыя берүү программалары тууралуу маалыматтарды аймактардагы дыйкан-фермерлерге кеңири жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал тиешелүү түзүмдөргө түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

"Дыйкан-фермерлерди колдоо боюнча мамлекет жүргүзүп жаткан саясат ар бир айылдагы өндүрүүчүгө жетиши керек. Жеңилдетилген насыялардын шарттары жана аларды алуу тартиби тууралуу маалыматтар толук жана жеткиликтүү түшүндүрүлүшү зарыл", — деди министр.

Жыйындын соңунда Эрлист Акунбеков түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине берилген тапшырмалардын өз убагында аткарылышын камсыздап, жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча милдеттерди койду.

Мындан тышкары окуңуз

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Калифорниянын Купертино шаарындагы Стив Жобс театрында Apple компаниясынын жаңы өнүмдөрүнүн бет ачары болуп өттү. Иш-чараны компаниянын жаңы дайындалган башкы директору Джон Тернус биринчи жолу өткөрдү. Бул тууралуу Газеты.Ru басылмасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, бет ачардын жүрүшүндө Apple компаниясы өзүнүн алгачкы бүктөлмө смартфонун — iPhone Duo моделин тааныштырды. Аппарат ачылган учурда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 жарлыгына ылайык жүргүзүлүп жатат. Мындай билдирүүнү Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билиришти. Маалыматка ылайык, Ленин районунда 11-августтагы текшерүүдө мыйзам талаптарын бузган

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн финансы секторундагы уюмдардын кирешеси 166,8 млрд сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,7 млрд сомго же 60,3%га көп. Бул мезгилде финансы секторунун жалпы чыгымдары 102,6 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын биринчи

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн