Божомолдор жакшы эмес – эксперттер Кыргызстандын экономикасынын жакынкы мезгилдеги тобокелчиликтерин аташты

Божомолдор жакшы эмес – эксперттер Кыргызстандын экономикасынын жакынкы мезгилдеги тобокелчиликтерин аташты

Евразия Өнүктүрүү Банкынын (ЕӨБ) эксперттери жаңы макроэкономикалык божомолунда Кыргызстандын орто мөөнөттүү келечектеги негизги тобокелдиктерин аташты.

Экономиканын калыбына келиши өтө жай жүрүшү мүмкүн, бул биринчи кезекте, узакка созулган пандемиянын кесепетине  байланыштуу. Дүйнөдөгү эмдөө процесси ар кандай жүрүп жаткандыгы глобалдык соода жана инвестициялоонун келечегине чоң таасирин тийгизет.

«Республикада калкты эмдөө эми гана башталуу этабында, бул ишкердүүлүктүн жай калыбына келүү ыктымалдыгын жогорулатат», – деп божомолдоду ЕӨБ.

Мындан тышкары, региондогу коомдук-саясий чыңалуулар, ошондой эле айыл чарбасынын жана энергетика секторунун көрсөткүчтөрүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон суунун жетишсиздиги, кургакчылык чоң рол ойнойт.

  • Ошондой эле инфляциянын тездеп кетүү коркунучу турат. Керектөө бааларынын индексинин өсүшүнүн басаңдашына карабастан, инфляция тобокелдиктери сакталып калууда. Дүйнөлүк транспорттук-логистикалык чынжырлар толук кандуу иштебей жатат, бул өндүрүүчүлөрдүн ишмердигине таасирин тийгизбей койбойт. Дүйнөдө өнөр жай өндүрүшүнүн калыбына келиши жарым-жартылай компоненттердин жетишсиздиги менен чектелүүдө. Бул керектөөчү суроо-талаптын өсүшү менен айкалышканда инфляциялык тобокелдиктерге алып келиши мүмкүн.
  • Ошол эле учурда, мамлекеттин карыз алуу  мүмкүнчүлүгү чектелүү. 2020-жылдын аягына чейин Кыргызстандын мамлекеттик карызы ЭВФтин стандарттары боюнча ИДПнын 60% деңгээлинде босогодон ашты, бул эми кредиттик ресурстарды тартуу чараларын гана калтырат. Бул орто мөөнөттүү келечекте ИДПнын өсүшүнө орточо таасирин тийгизип, экономиканын калыбына келүүсүн басаңдатат дешет банктын аналитиктери.

Мындан тышкары окуңуз

Дыйкандарга жеңилдетилген насыялар боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Дыйкандарга жеңилдетилген насыялар боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министр Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында аппараттык жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйында министрликтин ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттар талкууланып, санариптештирүү иштерин ылдамдатуу, берилген тапшырмаларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу, ошондой эле түшүм жыйноо маалында дыйкан-фермерлерге ыкчам жардам көрсөтүү маселелери

Григорьевкада сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилет

Григорьевкада сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилет

6-июлда куткаруучулар жана Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Григорьевка капчыгайынын Суу-Ашуу ашуусундагы малчылардан кабар алып, азык-түлүк жеткиришти. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. ӨКМден билдиришкендей, адистер нөшөрлүү жаандан улам Ак-Сай жайлоосунда сел агымы пайда болгонун эскертип, малчыларга коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Учурда малчылардын абалы жакшы, азык-түлүк

Манаста 1,5 млрд сомго “Акылман” Президенттик мектеп-лицейи курулууда

Манаста 1,5 млрд сомго “Акылман” Президенттик мектеп-лицейи курулууда

Манас шаарында жалпы баасы 1,5 млрд сомдон ашкан “Акылман” Президенттик мектеп-лицейинин курулушу жүрүп жатат. Долбоор Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Мектеп-лицей 2,4 гектар аянтка курулуп, анын курамына 360 окуучуга ылайыкталган үч кабаттуу окуу корпусу, 410

Чүйдө 3,6 млн сомдук маркаланбаган бензин аныкталды

Чүйдө 3,6 млн сомдук маркаланбаган бензин аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө Чүй жана Жалал-Абад облустарында молекулярдык маркерлер менен маркаланбаган күйүүчү-майлоочу майларды ташуу жана сатуу фактылары аныкталды. Салык кызматынын маалыматына ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунда молекулярдык маркасы жок 60 миң 508 литр бензинди ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа токтотулган. Алдын ала