ЕРӨБ Ош шаарын таза суу менен камсыз кылууга 3 млн доллар бөлөт

ЕРӨБ Ош шаарын таза суу менен камсыз кылууга 3 млн доллар бөлөт

Ош шаарын таза суу менен камсыз кылууга 3 млн доллар сарпталат жана бул долбоорду ишке ашыруу боюнча атайын Бишкектен эксперттер чакыртылат. Ошондой эле аталган долбоорго каражатты Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) берет. Бул тууралуу түштүк борбордун маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, 5-август күнү Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов «Төлөйкөн суу тазалоочу пунктуна Даңги участкасынан суу түтүгүн тартуу» долбоору менен таанышуу үчүн Даңги аймагына барып, шаардыктарга таза суу жеткирүүдө жаралып жаткан көйгөйлөрдү жеринен көрүп кайткан.

«Таза суу маселеси Ош шаарындагы эң негизги көйгөй экендигин жакшы билем. Бүгүн бул мүчүлүштүккө өзүм да күбө болдум. Андыктан аз убакыттын ичинде чечүү жолдорун карап чыгып, ишке ашыруу зарылчылыгы турат. Ал үчүн борбордон таза суу чыгаруу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырган, тажрыйбасы көп адистерди чакырып жатабыз. Коротулуучу акча каражатын туура пайдалануу үчүн ушундай багытка баруу керек. Антпесек, долбоор ишке ашып, натыйжасын бербей калса, шаардыктарга таза сууну берүүнүн токтошу негизги көйгөй боюнча калат», – деди Мамбетов.

«Төлөйкөн суу тазалоочу пунктуна Даңги участкасынан суу түтүгүн тартуу» долбоорун ишке ашыруу үчүн каражатты ЕРӨБ берет.

Белгилей кетсек, Ош жергесинде таза суу көйгөйү чечилбей келет. Жамгыр жааган күндөрү суу булганып кеткендигине байланыштуу суу токтотулуп, шаардыктар сууну парктардан чакалап ташып ичишет.



            
                    

Мындан тышкары окуңуз

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда Борбордук банк үчүн акча ташып бара жаткан учактын кыйрашынан кеминде 20 адам каза болуп, дагы 20га жакыны жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Марсела Флорес билдиргенин Unitel телеканалы маалымдады. Министрдин айтымында, жабыркагандардын көбү оор абалда. Бийлик жаракат алгандарга жардам берүү үчүн жарандарды кан тапшырууга чакырды. Окуя жума

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивин электр менен камсыздоого 53 млн сом бөлүнөт. Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы "Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивинде жайгашкан жеке турак үйлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 53 млн 451 миң сом бөлүү пландалууда.

Дубай аэропорту  ишин убактылуу ишин токтотту

Дубай аэропорту ишин убактылуу ишин токтотту

Дубай жана Ал-Мактумдагы эл аралык аэропорттор өз иштерин убактылуу токтотконун дубайлык аба майдандардын сайты  билдирди. Эки жай тең жүргүнчүлөргө аэропортторго барбай турууну жана кошумча маалыматты авиакомпаниялардан алып турууну эскертишти. Дүйнөдөгү эң көп жүргүнчү тейлеген Дубайдын эл аралык аэропортунан Бишкекке да рейстер аткарылат. "Манас" эл аралык аэропортунун сайтындагы маалыматка

Иран дүйнө мунайынын 20%ы ташылчу Ормуз кысыгын жапты

Иран дүйнө мунайынын 20%ы ташылчу Ормуз кысыгын жапты

Иран Ормуз кысыгын — дүйнөлүк мунай жана газ жеткирүүнүн негизги жолу болгон стратегиялык деңиз багытын — жапканын жарыялады. Бул кысык аркылуу дүйнөдөгү деңиз менен ташылган мунайдын болжол менен 20%ы өтөт. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) аймактагы кемелерге эскертүү берип, АКШ менен Израилдин аскердик аракеттерине жана Тегерандын жооп чараларына байланыштуу кысыктан