Кыргызстанда биринчи электромобилдер чыгарылды

Кыргызстанда биринчи электромобилдер чыгарылды

Кыргызстанда биринчи «Ками Моторс» унаа маркасындагы электр энергиясы менен иштеген шаардык жүк ташуучу унаалар чыгарылды.  Компаниянын расмий сайтында айтылгандай, унаалар Кыргызстанда иштелип чыккан, запастык бөлүктөрдүн 40%ы жергиликтүү рынокто чыгарылган, калган 60%ы Россия жана Кытайдан импорттолгон.

Жүк ташуучу унаа бир зарядда 110 км жүрө алат жана анын жүк көтөрүмдүүлүгү 700 кг. Кошумчалай кетсек, тетиктердин 95% ы ВАЗ унаалары менен алмаштырылат.

«Азыр биз инвесторлорубуздун тапшырмаларын аткарып жатабыз, бирок келечекте шаардык жүк ташуучу машиналардан баштап кобриолеттерге  чейин бардык электромобилдерге ачыкпыз», – дейт компания.

Унааны 220 Вт кадимки розеткадан кубаттоого мүмкүн болот. Иштеп чыгуучулар белгилегендей, 1 км аралык үчүн 100 Вт/саат – 7 тыйын керектелет.

2 жылдык кепилдиги бар жаңы Kami Nimble унаанын  баасы 600 000 сом. Биринчи 100 машинаны жеткирүү 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып ишке ашат.

Мындан тышкары окуңуз

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда Борбордук банк үчүн акча ташып бара жаткан учактын кыйрашынан кеминде 20 адам каза болуп, дагы 20га жакыны жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Марсела Флорес билдиргенин Unitel телеканалы маалымдады. Министрдин айтымында, жабыркагандардын көбү оор абалда. Бийлик жаракат алгандарга жардам берүү үчүн жарандарды кан тапшырууга чакырды. Окуя жума

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивин электр менен камсыздоого 53 млн сом бөлүнөт. Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы "Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивинде жайгашкан жеке турак үйлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 53 млн 451 миң сом бөлүү пландалууда.

Дубай аэропорту  ишин убактылуу ишин токтотту

Дубай аэропорту ишин убактылуу ишин токтотту

Дубай жана Ал-Мактумдагы эл аралык аэропорттор өз иштерин убактылуу токтотконун дубайлык аба майдандардын сайты  билдирди. Эки жай тең жүргүнчүлөргө аэропортторго барбай турууну жана кошумча маалыматты авиакомпаниялардан алып турууну эскертишти. Дүйнөдөгү эң көп жүргүнчү тейлеген Дубайдын эл аралык аэропортунан Бишкекке да рейстер аткарылат. "Манас" эл аралык аэропортунун сайтындагы маалыматка

Иран дүйнө мунайынын 20%ы ташылчу Ормуз кысыгын жапты

Иран дүйнө мунайынын 20%ы ташылчу Ормуз кысыгын жапты

Иран Ормуз кысыгын — дүйнөлүк мунай жана газ жеткирүүнүн негизги жолу болгон стратегиялык деңиз багытын — жапканын жарыялады. Бул кысык аркылуу дүйнөдөгү деңиз менен ташылган мунайдын болжол менен 20%ы өтөт. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) аймактагы кемелерге эскертүү берип, АКШ менен Израилдин аскердик аракеттерине жана Тегерандын жооп чараларына байланыштуу кысыктан