Кыргызстанда күйүүчү май барган сайын кымбаттоодо – баалар 2020-жылга салыштырмалуу бир жарым эсеге кымбаттады

Кыргызстанда күйүүчү май барган сайын кымбаттоодо – баалар 2020-жылга салыштырмалуу бир жарым эсеге кымбаттады

КММдын баасы Кыргызстанда кымбаттап жатат. АИ-92 бензининин баасы орточо эсеп менен 53.32 сомду түздү жана бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1.6 эсеге өскөн. Бул тууралуу Улутстатком билдирет.

Ал эми дизелдик отундун баасынын 1 литри 48.11 сомду түздү жана дээрлик 1.4 эсеге өстү.

АИ-92 бензинине чекене баалар орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Исфана (1 литри 57.75 сом), Баткен (57.12 сом), жана Ноокат (56.10) шаарларында түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Токмок (51.46 сом), Нарын (51.63 сом), жана Талас (51.69 сом) шаарларында катталды.

Бензиндин баасынын кыйла өсүшү Покровка айылында жана Жалал-Абад шаарында 75.3%га, ошондой эле Токмок шаарында 73.6%га катталган.

Дизелдик отунга болгон баалардын 2020-жылдын июль айына салыштырмалуу эң жогору Покровка айылында 43.3%га, Ноокат шаарында 49.9%га жана Талас шаарында  45.7%га өскөнү катталды.

Мындан тышкары окуңуз

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда Борбордук банк үчүн акча ташып бара жаткан учактын кыйрашынан кеминде 20 адам каза болуп, дагы 20га жакыны жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Марсела Флорес билдиргенин Unitel телеканалы маалымдады. Министрдин айтымында, жабыркагандардын көбү оор абалда. Бийлик жаракат алгандарга жардам берүү үчүн жарандарды кан тапшырууга чакырды. Окуя жума

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивин электр менен камсыздоого 53 млн сом бөлүнөт. Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы "Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивинде жайгашкан жеке турак үйлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 53 млн 451 миң сом бөлүү пландалууда.

Дубай аэропорту  ишин убактылуу ишин токтотту

Дубай аэропорту ишин убактылуу ишин токтотту

Дубай жана Ал-Мактумдагы эл аралык аэропорттор өз иштерин убактылуу токтотконун дубайлык аба майдандардын сайты  билдирди. Эки жай тең жүргүнчүлөргө аэропортторго барбай турууну жана кошумча маалыматты авиакомпаниялардан алып турууну эскертишти. Дүйнөдөгү эң көп жүргүнчү тейлеген Дубайдын эл аралык аэропортунан Бишкекке да рейстер аткарылат. "Манас" эл аралык аэропортунун сайтындагы маалыматка

Иран дүйнө мунайынын 20%ы ташылчу Ормуз кысыгын жапты

Иран дүйнө мунайынын 20%ы ташылчу Ормуз кысыгын жапты

Иран Ормуз кысыгын — дүйнөлүк мунай жана газ жеткирүүнүн негизги жолу болгон стратегиялык деңиз багытын — жапканын жарыялады. Бул кысык аркылуу дүйнөдөгү деңиз менен ташылган мунайдын болжол менен 20%ы өтөт. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) аймактагы кемелерге эскертүү берип, АКШ менен Израилдин аскердик аракеттерине жана Тегерандын жооп чараларына байланыштуу кысыктан