Бириккен Улуттар Уюму Covid-19 пандемиясынан жабыркаган ишкерлерге гранттык колдоо көрсөттү

Бириккен Улуттар Уюму Covid-19 пандемиясынан жабыркаган ишкерлерге гранттык колдоо көрсөттү

Бириккен Улуттар Уюму Өнүгүү Программасынын алкагында Covid-19 пандемиясынан жабыркаган 13 ишкерге дээрлик 10 миң доллардан гранттык каражат берди. Бул долбоор Жаш ишкерлер Ассоцияциясы (JIA) менен биргеликте жарыяланган сынактын негизинде ишке ашканын ЖИАнын маалымат кызматы билдирди.

Ишкерлер биримдигинин маалыматына ылайык, берилген гранттар ишкерлерге керектүү жабдууларды сатып алып, иш орундарды көбөйтүүгө жана өндүрүшүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө.

Эскерте кетсек, пандемия учурунда орто жана кичи бизнес эң көп жабыркаган. Бүткүл Дүйнөлүк Банктын КРгы баш кеңсесинин өкүлү Навид Накви да Economist.kg сайтына берген маегинде: «Кичи жана орто ишканалардын тезирээк финансылык туруктуу абалга келишине жана жумуш орундарын түзүүсүн камсыз кылыш үчүн аларга колдоо керек. Ковидден кийинки кризис менен ийгиликтүү күрөшүп жаткан өлкөлөрдүн баары ушундай антикризистик чараларды колдонуп жатышат», – деп айткан болчу.

«Коронавирус пандемиясы саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагынан тартып, миграция маселесине чейин өлкөгө чоң сокку урду. Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, кичине, экономикасы кызмат көрсөтүү, мигранттардын акча которуусунан жана жаратылыш ресурстарынан көз каранды Кыргызстан – акыркы жылдардагы өнүгүүнүн жакшы жетишкендиктерин жокко чыгарып кое алгыдай болгон дүйнөлүк пандемиянын негативдүү таасиринде калды.

Болжолдуу анализ көрсөткөндөй, аталган кризистин масштабы 30 жыл илгери СССР кыйрагандагы социалдык-экономикалык катаклизм менен барабар болуп жатат», – деген эле ал.

Белгилей кетсек, 2020-жылы пандемия учурунда КРгы жакырчылыктын деңгээли 20.1%дан 31%га чейин өскөн, жыйынтыгында, жакырчылыкка дагы 700 миң адам кириптер болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда Борбордук банк үчүн акча ташып бара жаткан учактын кыйрашынан кеминде 20 адам каза болуп, дагы 20га жакыны жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Марсела Флорес билдиргенин Unitel телеканалы маалымдады. Министрдин айтымында, жабыркагандардын көбү оор абалда. Бийлик жаракат алгандарга жардам берүү үчүн жарандарды кан тапшырууга чакырды. Окуя жума

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивин электр менен камсыздоого 53 млн сом бөлүнөт. Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы "Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивинде жайгашкан жеке турак үйлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 53 млн 451 миң сом бөлүү пландалууда.

Дубай аэропорту  ишин убактылуу ишин токтотту

Дубай аэропорту ишин убактылуу ишин токтотту

Дубай жана Ал-Мактумдагы эл аралык аэропорттор өз иштерин убактылуу токтотконун дубайлык аба майдандардын сайты  билдирди. Эки жай тең жүргүнчүлөргө аэропортторго барбай турууну жана кошумча маалыматты авиакомпаниялардан алып турууну эскертишти. Дүйнөдөгү эң көп жүргүнчү тейлеген Дубайдын эл аралык аэропортунан Бишкекке да рейстер аткарылат. "Манас" эл аралык аэропортунун сайтындагы маалыматка

Иран дүйнө мунайынын 20%ы ташылчу Ормуз кысыгын жапты

Иран дүйнө мунайынын 20%ы ташылчу Ормуз кысыгын жапты

Иран Ормуз кысыгын — дүйнөлүк мунай жана газ жеткирүүнүн негизги жолу болгон стратегиялык деңиз багытын — жапканын жарыялады. Бул кысык аркылуу дүйнөдөгү деңиз менен ташылган мунайдын болжол менен 20%ы өтөт. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) аймактагы кемелерге эскертүү берип, АКШ менен Израилдин аскердик аракеттерине жана Тегерандын жооп чараларына байланыштуу кысыктан