КРга 2021-жылы эң көп инвестиция Кытайдан келди

КРга 2021-жылы эң көп инвестиция Кытайдан келди

2021-жылдын январь-июнунда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2 эсеге көбөйдү жана бул 321 млн долларды түздү. Инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Кытайга (31.8%) туура келет. Бул тууралуу Улутстатком билдирет.

Ал эми Түркияга (19.3%), Нидерландга (11.4%) жана Улуу Британияга (10.1%) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2020-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 1.8 эсеге көбөйгөн.

  • Азербайжандан 11.0 эсеге (саламаттыкты сактоо, дүң жана чекене соода)
  • Россиядан 3.0 эсеге (иштетүү өндүрүшү, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен касыздоо (жабдуу), дүң жана чекене соода)
  • Казакстандан 18.6% (пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, дүң жана чекене сооданын) алардын өсүшүнүн эсебинен болду.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2020-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 2 эсеге көбөйдү.

  • Германиядан – 10.2 эсеге (финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, иштетүү өндүрүшү)
  • Кипрден – 5.7 эсеге  (иштетүү өндүрүшү)
  • Улуу Британиядан – 3.5 эсеге (гелологиялык чалгындоого)
  • Түркиядан – 3.0 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү)
  • Кытайдан – 2.0 эсеге (геологиялык чалгындоо, пайдалуу кендерди казуу)
  • Швейцариядан – 1.7 эсеге (маалымат жана байланыш)
  • Нидерланддан – 21.8 пайызга (иштетүү өндүрүшү, финансылык ортомчулук жана камсыздандуу, маалымат жана байланыштын) өсүшүнүн эсебинен жүрдү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (97%дан ашыгы) геологиялык чалгындоо ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу,  иштетүү өндүрүш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, маалымат жана байланышка, ошондой эле дүң жана чекене соодага багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA