Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилигинде Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтарынын отуруму өттү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында 30-апрелден 5-майга чейин катуу жааган жаандын кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында катталган сел кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер каралды.

Ошондой эле күтүлүп жаткан сел коркунучтарынын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу маселелери талкууланды. Тиешелүү кызматтарга күч жана каражаттарды даярдыкта кармоо, ыкчам аракеттерди уюштуруу боюнча тапшырмалар берилди.

Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен облус боюнча жалпы чыгым 20 млн 800 миң сомду түздү.

Жабыркаган турак үйлөр селден толугу менен тазаланып, залалсыздандыруу иштери аяктаган. Убактылуу коопсуз аймактарга көчүрүлгөн тургундар үйлөрүнө кайтарылып, турак жайы жараксыз абалга келген эки үй-бүлө убактылуу турак жайларга жайгаштырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин сүрөттөрү Чхонджуда өткөн эл аралык көргөзмөгө коюлду

Бишкектин сүрөттөрү Чхонджуда өткөн эл аралык көргөзмөгө коюлду

Түштүк Кореянын Чхонджу шаарында боордош жана өнөктөш шаарлардын «2026 Cheongju Sister and Friendship Cities Photo Exhibition» аттуу фотокөргөзмөсү өтүп жатат. Ага Бишкек шаары да катышууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, көргөзмөгө жети өлкөнүн — Кыргызстан, АКШ, Япония, Кытай, Россия, Вьетнам жана Польшанын 13 шаарынан жалпы 26 сүрөт коюлган.

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгында коомдук коопсуздук камсыз кылынат

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгында коомдук коопсуздук камсыз кылынат

Талас облусунун ички иштер башкармалыгында 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча кеңешме болуп өттү. Ага Ички иштер министринин орун басарлары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жана милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбековдор катышышты. Кеңешменин жүрүшүндө Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо, курулуш объектеринин ачылыш аземдери учурунда коомдук

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&