Бишкектеги жаңы Ош базарынын курулушу качан бүтөрү белгилүү болду

Бишкектеги жаңы Ош базарынын курулушу качан бүтөрү белгилүү болду

Бүгүн Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы жаңы Ош базарынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы соода-базар комплекси борбор калаадагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат. Объекттин жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзүп, эки кабаттан жана бир жер алдындагы деңгээлден турат.

Долбоор боюнча жалпысынан 10 миңден ашуун соода орду каралган. Соода жайлары багыттарына жараша бөлүштүрүлүп, сатуучулар жана кардарлар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Ошондой эле комплексте кампалар, унаа токтотуучу жайлар жана жылдын бардык мезгилинде соода жүргүзүүгө ылайыкташкан заманбап инфраструктура каралган.

Президент курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Жаңы Ош базарынын курулушу ушул жылдын август айына чейин толук аяктайт деп пландалууда.

Маалыматта белгиленгендей, учурдагы Ош базары жаңы комплекс толук бүткөндөн кийин гана көчүрүлөт. Ал эми бошогон аймакта заманбап жашыл эс алуу зонасы уюштурулат.

Мындан тышкары, жаңы автобекет жана Ош базары пайдаланууга берилген соң коомдук транспорт каттамдары да кайра каралып чыгат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин сүрөттөрү Чхонджуда өткөн эл аралык көргөзмөгө коюлду

Бишкектин сүрөттөрү Чхонджуда өткөн эл аралык көргөзмөгө коюлду

Түштүк Кореянын Чхонджу шаарында боордош жана өнөктөш шаарлардын «2026 Cheongju Sister and Friendship Cities Photo Exhibition» аттуу фотокөргөзмөсү өтүп жатат. Ага Бишкек шаары да катышууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, көргөзмөгө жети өлкөнүн — Кыргызстан, АКШ, Япония, Кытай, Россия, Вьетнам жана Польшанын 13 шаарынан жалпы 26 сүрөт коюлган.

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгында коомдук коопсуздук камсыз кылынат

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгында коомдук коопсуздук камсыз кылынат

Талас облусунун ички иштер башкармалыгында 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча кеңешме болуп өттү. Ага Ички иштер министринин орун басарлары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жана милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбековдор катышышты. Кеңешменин жүрүшүндө Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо, курулуш объектеринин ачылыш аземдери учурунда коомдук

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&