КРда экспорт 16%га азайды, импорт 40%га көбөйдү

КРда экспорт 16%га азайды, импорт 40%га көбөйдү

Кыргызстанда экспорттук жѳнѳтүүлөр 16.5%га азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче 40.3%га жогорулады. Бул тууралуу Улутстатком билдирет.

КРдагы товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-июлунда 3.8 млрд долларды түздү жана 2020-жылдын январь-июлуна, тагыраак айтканда, пандемиянын курч учурлары болгон мезгилге салыштырмалуу 19.6%га көбөйдү.

2020

Эскерте кетсек,  Бүткүл Дүйнөлүк Банктын КРгы баш кеңсесинин өкүлү Навид Наквинин айтканына таянсак, 2020-жылы КРгы жакырчылыктын деңгээли 20.1%дан 31%га чейин өскөн, жыйынтыгында, жакырчылыкка дагы 700 миң адамдар кириптер болгон.

«Бул калкы 6.6 млн болгон өлкө үчүн өтө эле чоң көрсөткүч. Болжолдуу анализ көрсөткөндөй, аталган кризистин масштабы 30 жыл илгери СССР кыйрагандагы социалдык-экономикалык катаклизм менен барабар болуп жатат», – деген эле ал.

2021

Ал эми эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган иш-чарада президент Садыр Жапаров өлкөнүн экономикасы пандемияга чейинки абалына келишине дагы убакыт бар экенин билдирген болчу.  

«Өлкөнүн экономикасы пандемияга чейинки абалына 2023-жылга чейин келет деп божомолдоп жатабыз. 2021-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү экономикалык активдүүлүк калыбына келгенде 3.8%ды, ал эми 2022-2023-жылдары орточо эсеп менен 4.4%ды түзөт», – деген ал.

2021-жылдын январь-июль айларында КРга жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кирүүсү 31.1%га жогорулап, 1.1 млрд АКШ долларынын тегерегин түзгөн. Бирок, буга карабастан 2021-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү өткөн жылдын ушундай эле көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1.6%га төмөндөгөн.

Корутундулап айта турган болсок, өлкөнүн экономикасына дүйнөдөгү пандемия, кургакчылык, саясий туруксуздук, энергетикадагы кризис, күйүүчү майдын кымбатташы, экспорттун кыскарышы ж.б.у.с факторлор өз таасирин тийгизип жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Испаниянын табийгый илимдер улуттук музейи менен Колумбиянын улуттук университетинин окумуштуулары океандын узак мөөнөттүү ысышы балыктардын биомассасынын жыл сайын туруктуу кыскарышына алып келерин аныкташты. Айрым учурларда бул кыскаруу 19,8% га чейин жетет. Изилдөө Жер ортолук деңизинин, Түндүк Атлантиканын жана Тынч океандын түндүк-чыгыш бөлүгүнүн сууларын камтыды. Окумуштуулар 1993–2021-жылдар аралыгында дээрлик

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

МинКаб азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктогу бааларды турукташтыруу боюнча чараларды бекитти. Тиешелүү №816 токтомго (2025-жылдын 22-декабры, 2026-жылдын 12-февралындагы №90 редакциясы менен) Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документке ылайык, айрым азык-түлүк товарларына жана чийки затка кошумча нарк салыгы (КНС) 0% өлчөмүндө белгиленет. Бул жеңилдик ички жеткирүүгө да, импортко

Кыргызстанда быйыл чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнөт

Кыргызстанда быйыл чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнөт

2026-жылы Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнгөнүн "Биринчи радио" эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев билдирди. Анын айтымында, мамлекет ишкердикти өнүктүрүүнү активдүү колдоп, республикалык бюджеттен бизнеске насыя берүүгө каражат бөлүүдө. Жеңилдетилген насыялоо программасы 2030-жылга чейин

Бишкек шаарында быйыл миңге жакын эски бак-дарактар кыйылат

Бишкек шаарында быйыл миңге жакын эски бак-дарактар кыйылат

Бишкек шаарында 2026-жылы 800дөн 1 миңге чейин эски бак-дарактарды кыйуу пландалып жатканын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев билдирди. Анын айтымында, негизинен эски терек жана кара жыгач дарактары кыйылат. Иштер шаардын 50 көчөсүндө жүргүзүлөт. Анын ордуна ири көлөмдө жашылдандыруу иштери аткарылат. 2026-жылы 17