Кумтөр: «Центерра» эмгек мамилелери жаатындагы эл аралык принциптерди бузду

Кумтөр: «Центерра» эмгек мамилелери жаатындагы эл аралык принциптерди бузду

«Кумтөр» ишканасы «Центерраны» адам укуктарына байланышкан эмгек мамилелери боюнча принциптерди бузду деп айыптоодо. Бул тууралуу бүгүн ишкананын сайтында билдирүү жарыяланды.

Май айынын башында «Центерра» Канададан «Кумтөрдүн» маалымат базаларын жана  системаларын жаап салган. Бардык техникалык жана каржылык документтер гана эмес, кызматкерлердин жеке маалыматтары да бекилип калган. Кадрлар бөлүмүндөгү кызматкерлердин паспорттук маалыматтары, эмгек өргүүлөрү жана жумуш графиктери, табелдери сыяктуу көптөгөн маалыматтар камтылган система да жабылып калган. Азыркыга чейин бул маалыматтарды толук калыбына келтирүүгө мүмкүн болбой жатат.

«Бул жеке маалыматтарга «Центерранын» дагы деле кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Канадалыктар бул маалыматтарды кандай максатта колдонушу мүмкүн экенин айтуу кыйын. «Кумтөр» бул боюнча «Центеррага» бир нече ирет суроо-талап жөнөткөнүнө карабастан, алар бул фактыны моюнга алуудан баш тартууда», – деп айтылат билдирүүдө.

Берилген маалыматка ылайык, «Центерра» биздин өлкөнүн улуттук мыйзамдарын гана эмес, өздөрү да бир нече жолу айткан эмгек мамилелери жаатындагы эл аралык принциптерди бузушкан.

Ошондой эле, КРнын «Жеке маалыматтар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, кызматкерлердин документтеринин эсебин жүргүзүү системасына бир тараптуу  бөгөт коюу – «Центерранын»  «Кумтөрдүн» кызматкерлеринин, КРнын жарандарынын алдындагы эмгек милдеттенмелерин бузуу жана жеке маалыматтарын ачыкка чыгаруу болуп саналат. Бул жерде 4200дөн ашуун адам тууралуу сөз болууда деп айтылат жарыяда.

Мындан тышкары окуңуз

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Испаниянын табийгый илимдер улуттук музейи менен Колумбиянын улуттук университетинин окумуштуулары океандын узак мөөнөттүү ысышы балыктардын биомассасынын жыл сайын туруктуу кыскарышына алып келерин аныкташты. Айрым учурларда бул кыскаруу 19,8% га чейин жетет. Изилдөө Жер ортолук деңизинин, Түндүк Атлантиканын жана Тынч океандын түндүк-чыгыш бөлүгүнүн сууларын камтыды. Окумуштуулар 1993–2021-жылдар аралыгында дээрлик

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

МинКаб азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктогу бааларды турукташтыруу боюнча чараларды бекитти. Тиешелүү №816 токтомго (2025-жылдын 22-декабры, 2026-жылдын 12-февралындагы №90 редакциясы менен) Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документке ылайык, айрым азык-түлүк товарларына жана чийки затка кошумча нарк салыгы (КНС) 0% өлчөмүндө белгиленет. Бул жеңилдик ички жеткирүүгө да, импортко

Кыргызстанда быйыл чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнөт

Кыргызстанда быйыл чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнөт

2026-жылы Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнгөнүн "Биринчи радио" эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев билдирди. Анын айтымында, мамлекет ишкердикти өнүктүрүүнү активдүү колдоп, республикалык бюджеттен бизнеске насыя берүүгө каражат бөлүүдө. Жеңилдетилген насыялоо программасы 2030-жылга чейин

Бишкек шаарында быйыл миңге жакын эски бак-дарактар кыйылат

Бишкек шаарында быйыл миңге жакын эски бак-дарактар кыйылат

Бишкек шаарында 2026-жылы 800дөн 1 миңге чейин эски бак-дарактарды кыйуу пландалып жатканын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев билдирди. Анын айтымында, негизинен эски терек жана кара жыгач дарактары кыйылат. Иштер шаардын 50 көчөсүндө жүргүзүлөт. Анын ордуна ири көлөмдө жашылдандыруу иштери аткарылат. 2026-жылы 17