Октябрдан баштап свет, ысык суу жана жылуулук үчүн жаңы эсептер келип баштайт

Октябрдан баштап свет, ысык суу жана жылуулук үчүн жаңы эсептер келип баштайт

«Эгерде документ октябрдын башында күчүнө кирсе, анда айдын аягында, ноябрдын башында электр, ысык суу жана жылуулук үчүн жаңы эсептер болот», – деди бүгүн, 14-сентябрда пресс-конференцияда Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев.

Анын айтымында, документ жаздан бери талкууланып келет. Ага өзгөртүү киргизилди, эми орто мөөнөттүү тариф саясаты президенттик администрацияда жана министрлер кабинетинин кеңсесинде талкууланып жатат.

Белгилей кетсек, өнөр-жай ишканалары үчүн коюлуп жаткан тарифке бизнес нааразы. Алардын пикиринде, өнөр-жай республикадагы жалпы электр энергиянын он пайызын эле колдонгону менен мамлекет алар үчүн аябай эле жогорку тарифти коюп койгон. Ал эми негизги керектөөчү болгон калкка тариф анчейин деле көтөрүлбөдү дешет алар.  

Энергетика министрлиги өнөр жай ишканалары үчүн электр энергиясынын жаңы сунушталган тарифтерин кайра карап чыгуу боюнча бизнес өкүлдөрүнүн өтүнүчүнө түшүндүрмө берди.

Министрлик бул керектөөчүлөрдүн продукцияларынын баасы жыл сайын өсүп жатат, бирок алар үчүн электр энергиясынын тарифи 2014-жылдан бери өзгөрүүсүз калып келет деп түшүндүрдү.

Эскерте кетсек, энергияны көп талап кылуучу керектөөчүлөрдүн (майнинг ишканалары, алтынды кайра иштетүүчү фабрикалар, куюучу заводдор, эритүүчү жана алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучу ишканалар) айрым категориялары үчүн керектүү чыгымдарды жабуу үчүн 2021-жылдан тартып электр энергиясына тарифтерди жогорулатуу сунушталууда.

Алар үчүн электр энергиясынын тарифин 2.0 көбөйтүүчү коэффициентти колдонуу менен, өнөр жай керектөөчүлөрү үчүн 2.52 сом кВт/саат (салыктарды эске албаганда) тарифин коюу сунушталууда. Керектөөчүлөрдүн бул категориясы үчүн жалпы тариф 5.04 сом кВт/с болот (салыктарды эске албаганда).

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, 2021-жылы 3 млрд кВт/саатка чейин электр энергиясынын тартыштыгы күтүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Испаниянын табийгый илимдер улуттук музейи менен Колумбиянын улуттук университетинин окумуштуулары океандын узак мөөнөттүү ысышы балыктардын биомассасынын жыл сайын туруктуу кыскарышына алып келерин аныкташты. Айрым учурларда бул кыскаруу 19,8% га чейин жетет. Изилдөө Жер ортолук деңизинин, Түндүк Атлантиканын жана Тынч океандын түндүк-чыгыш бөлүгүнүн сууларын камтыды. Окумуштуулар 1993–2021-жылдар аралыгында дээрлик

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

МинКаб азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктогу бааларды турукташтыруу боюнча чараларды бекитти. Тиешелүү №816 токтомго (2025-жылдын 22-декабры, 2026-жылдын 12-февралындагы №90 редакциясы менен) Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документке ылайык, айрым азык-түлүк товарларына жана чийки затка кошумча нарк салыгы (КНС) 0% өлчөмүндө белгиленет. Бул жеңилдик ички жеткирүүгө да, импортко

Кыргызстанда быйыл чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнөт

Кыргызстанда быйыл чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнөт

2026-жылы Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнгөнүн "Биринчи радио" эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев билдирди. Анын айтымында, мамлекет ишкердикти өнүктүрүүнү активдүү колдоп, республикалык бюджеттен бизнеске насыя берүүгө каражат бөлүүдө. Жеңилдетилген насыялоо программасы 2030-жылга чейин

Бишкек шаарында быйыл миңге жакын эски бак-дарактар кыйылат

Бишкек шаарында быйыл миңге жакын эски бак-дарактар кыйылат

Бишкек шаарында 2026-жылы 800дөн 1 миңге чейин эски бак-дарактарды кыйуу пландалып жатканын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев билдирди. Анын айтымында, негизинен эски терек жана кара жыгач дарактары кыйылат. Иштер шаардын 50 көчөсүндө жүргүзүлөт. Анын ордуна ири көлөмдө жашылдандыруу иштери аткарылат. 2026-жылы 17