Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

«Яндекс Такси» өзү эмес, анын жергиликтүү өнөктөш компаниялары жыл башынан бери 3.7 млн сом салык төлөштү

Назира Абдиева

Сегиз ай ичинде «Яндекс Таксинин» жергиликтүү өнөктөш компаниялары 3.7 млн сом резидент эместердин киреше салыгын төлөштү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

МСКнын маалыматына таянсак, 2018-жылы такси кызматынан резидент эместердин кирешелери боюнча салыктык төгүмдөр – 677.5 миң сомду, 2019-жылы – 687.8 миң сомду, 2020-жылы – 454.6 миң сомду түзгөн.

«Яндекс таксинин» жергиликтүү өнөктөш компаниялары КРнын аймагында «Яндекс Такси» тиркемесин пайдалангандыгы үчүн тийиштүү салыктарды (резидент эместердин киреше салыгын) төлөөгө милдеттүү.

Ал эми «Яндекс Такси» өзү мамлекетке эч кандай салык төлөбөй иш алпарат. Анын себеби, мындай ишмердүүлүккө мыйзамдагы талаптардын жоктугу менен байланыштуу.

Эскерте кетсек, депутат Акылбек Кемелов 7-сентябрда ЖКнын Транспорт жана коммуникациялар боюнча комитетинин жыйынында Санариптик  өнүктүрүү министрлигинин жетекчисинин орун басарынан «Яндекс.Такси» кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу сураганда, ал «Яндекс.Такси» мамлекетке эч кандай салык төлөбөй иштегендигин тастыктаган.

«Бул нонсенс. Алар салык төлөш керек. Алар жаңы технологиялары менен рынокко кирип, канчалаган ата мекендик компанияларды кысып салды. Буга эртерээк чара көрүш керек болчу», – деген болчу депутат Кемелов.

Ошондой эле, «Яндекс Такси» тиркемесин колдонуу менен же ансыз жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү ар бир таксинин айдоочусу патенттин жана камсыздандыруу полисинин негизинде иштеши керек. 

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости